Редакцияот 10.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI-чакырылышынын кезектеги XIV-сессиясы 

2018-жылдын 10-декабры № 85

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитип берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы №6 токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитип берүү боюнча депутаттар арасында кеңири талкуу жүрүп Төрт-Гүл айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги XIV-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестри бекитилсин.

2.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрага

М.Соорбаев