Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 04-августу №2-3
Сметага өзгөртүү жөнүндө
Жерге-Тал айылдык кеңешинин бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын жергиликтүү маанидеги көйгөйлөрдү чечүү максатында жергиликтүү бюджеттин сметасына өзгөртүү киргизүү боюнча корутундусун угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айылындагы А.Эрматов атындагы Миң-Булак орто мектебинде жаңыдан ачылып жаткан мектеп алдындагы бала бакчанын объектисин ремонттоо үчүн 455,0 (төрт жүз элүү беш миң) сом акча каражаты Р-70629 бөлүмүнүн 31113320 ( жолдорду капиталдык оңдоо) статьясынан Р-70921 бөлүмүнүн 31113390 (башка курулуштарды капиталдык оңдоо) статьясына жылдырылсын.
2. Жогоруда аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин бюджет жага каржы маселелери боюнча туруктуу комисссиясына отчет берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Н.Багышбековага жүктөлсүн
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү бюджет жана каржы маселери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Тууганбаевге жүктөлсүн.
Төрага | К. Шакыев |