Редакцияот 04.08.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Аксы районунун Жерге-Тал айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II cессиясы

 

2017-жылдын 04-августу №2-5

Жерге-Тал айылдык Кеңешинин VIII чакырылыштагы депутаты Айткулов Таалайбектин депутаттык укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча Жерге-Тал айылдык Кеңешинин VIII чакырылыштагы депутаты Айткулов Таалайбектин арызын карап жана талкуулап,”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 22-беренесине ылайык сессия

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу жана жазган арызынын негизинде Айткулов Таалайбектин депутаттык ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Кезекте турган талапкерди Жерге-Тал шайлоо округунан көрсөтүп берүү жагы Аксы аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

3. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Н.Багышбековага жүктөлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын жергиликтүү кенештин мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Момуновго милдеттендирилсин.

 

Төрага

К. Шакыев