Редакцияот 05.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 05-февралы № 61/IX-27

Долбоорду ишке ашыруу жөнүндө

Ак-Кудук айылдык кенешинин төрагасы У.Суваналиевдин “Долбоорду иш жүзүнө ашыруу жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап, Хунчи айылындагы “Бала-Кербен” бала бакчасынын чатырын толугу менен аяктап  ондоо үчүн кошумча чыгымдар талап кылынаарын айылдык кеңеш белгилейт.

АК КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Т О К Т О М  К Ы Л А Т

1.    Хунчи айылындагы “Бала-Кербен” бала бакчасынын чатырын оңдоо үчүн Чүй облусунун өнүктүрүү фондуна документтер өткөрүлсүн.

2.    Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине долбоорду ишке ашыруу үчүн демилгелүү топ түзүлсүн.

 

Төрага

У.Суваналиев