Редакцияот 31.10.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

XXVIII чакыруунун 6-кезексиз сессиясы

 

2017-жылдын 31-октябры № 14

Айыл чарба багытындагы жер участогун өнөр жай, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерге профилин өзгөртүү жөнүндө

 

Фрунзе айылдык кеңешинин төрагасы К. Токоевдин Комсомол айылында жайгашкан Усенов Даулет Исхаковичке караштуу аянты 3792,0 кв.м. жер участогунун профилин өзгөртүү жөнүндө жана 2012 жылдын 4 апрелиндеги тартуулоо келишимдин негизинде, айыл чарба багытындагы жер участогун өнөр жай, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерге профилин унаа гараж үчүн өзгөртүү жөнүндө Фрунзе айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Комсомол айылында жайгашкан Усенов Даулет Исхаковичке караштуу аянты 3792,0 кв.м айыл чарба багытындагы жер участогун өнөр жай, байланыш, коргоо жана Айыл чарба багытындагы жер участогун башка багыттагы жерге профили унаа гараж үчүн өзгөртүрүлсүн.

2. Ушул токтомдун аткарылышы Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы К. Бешимбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Токоев К.О.