ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакыруунун 9-кезексиз сессиясы
2018-жылдын 12-январы № 1/3
Акча каражат бөлүштүрүү жөнүндө
Фрунзе айылдык кеңешинин бюджеттик комиссиясынын төрагасы Т.Джакыпбековдун Фрунзе айылдык округунун 21 кишиден турган көчө кварталдарына айына эмгек акы төлөп берүү жөнүндө баяндамасын угуп, жана талкуулап, Фрунзе айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Фрунзе айыл өкмөтүнүн бюджетинен Фрунзе айылдык округунун 21 кишиден турган көчө кварталдарына айына эмгек акысы 1000 сомдон, баардыгы 295,0 миң сом бөлүнүү каралсын.
Төрага | К.О.Токоев |