Редакцияот 09.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 9-февралы № 2

Алексеевка орто мектебинин ашпозчунун жардамчысынын айлык акысы тууралуу

 

Алексеевка орто мектебинин директорунун мектептин ашканасынын ашпозчусуна жардамчы алууга муктаждыгын, ошондой эле айлык акысын жергиликтүү бюджеттен карап берүүсүтууралуу кайрылуусу менен таанышып, талкуулап чыгышып, Жайыл айылдык Кеңешинин сессиясы төмөнкүдөй:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Алексеевка орто мектебинин ашпозчунун жардамчысына 5000 (беш) миң сом айлык акысы каралсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдетин Жайыл айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Г.С.Шаршеновага жүктөлсүн.

 

Төрага

А.К. Меркибаев