Редакцияот 22.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 22-февралы № 7

2018-жылга бюджетин бекитүү тууралуу

 

Жайыл айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г.С.Шаршенованын 2018-жылга бюджетти бекитүү тууралуу угуп жана таратылуучу материалдар менен таанышып, Жайыл айылдык кеңешинин депутаттар отуруму:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.2018-жылга Жайыл айыл өкмөтүнүн чыгаша бюджетин 12927,1 миң сомго бекитилсин, алардын ичинде:

- өздүк киреше боюнча 7716,3 миң сом;

- теңдештик грат 5210,8 миң сом;

- атайын каражаттар 438,0 миң сом.

2. 2018-жылдын 1-январына 2841,3 миң сом калдык каражатына чыгаша бекитилсин.

3. 2018-жылдын 1-январына 49,1 миң сом атайын эсеп боюнча калдык каражатыначыгаша бекитилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдетин Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы З.Д.Мамаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

А.К. Меркибаев