КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги XVIII сессиясы
2017-жылдын 30-декабры № 1
«Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Бирдик айылынын «Актан» бала-бакчасынын кызмат көрсөтүүнүн тарифин бекитүү жөнүндө»
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы С. Өскөнбай уулунун маалыматы эске алынсын.
2. Көк-Ирим айыл аймагына караштуу Бирдик айылындагы «Актан» бала бакчасында тарбияланып жаткан балдардын бир күндүк ысык-тамак ашына ата-энелерден төлөнүүчү сумма 18 (Он сегиз) сомдон жана айыл өкмөттүн бюджетинен 18 (Он сегиз) сомдон жалпы бир күндүк тамак-ашына 36 сом бекитилип берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жагы Көк-Ирим айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Топоев |