Редакцияот 14.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

ЭЛ ДЕПУТАТТАРЫНЫН КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН XXVII – ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ ОН ТОГУЗУНЧУ СЕССИЯСЫ

 

2018-жылдын 14-декабры № 02

ООО «НУР Телеком» ишканасына жер тилкесин ижарага берүү жѳнүндѳ

 

ООО «НУР Телеком» ишканасын 22.11.2018-жылдагы 01/2849 катынын негизинде, Кара-Ой айылдык Кеңеши карап талкуулап чыгып,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Ой айыл аймагынын «Арал» ѳрѳѳнүндѳгү 16²м жер тилкеси, ООО «НУР Телеком» ишканасына уюлдук байланыш жабдууларын орнотуу үчүн, 2 жыл 11 айга (эки жыл он бир айга) ижарага берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Жер жана агрардык реформа, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология, туризм, курорт тармагы» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

3. Айылдык кеңешинин чечиминин келишимин түзүү жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн Жайыт Комитетинин тѳрагасы С.Кыдыралиевге тапшырылсын.

4. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.

 

Төрага

Б.У. Усенбеков