Редакцияот 24.01.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Шопоков шаардык депутаттар Кеңешинин IX чакырылышынын XVI сессиясы 

 

2019-жылдын 24-январы № 91

«Долбоорду ишке ашыруу үчүн каражат бөлүп берүү тууралуу»

 

Каражат бөлүп берүү менен «Таштандыларды жайгаштыруу үчүн атайын жабдууларды сатып алуу» долбоорду ишке ашыруу үчүн, Шопоков шаардык депутаттар Кеңеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Региондук өнүктүрүү каражаттарын түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жоболоруна ылайык "Таштандыларды жайгаштыруу үчүн атайын жабдууларды сатып алуу" жогорку сапаттуу долбоорду даярдоо үчүн бекитилсин.

2. Чүй облусунун өнүктүрүү фондусунун долбоорлор конкурсуна катышууга жөнөтүлсүн.

3. «Таштандыларды жайгаштыруу үчүн атайын жабдууларды сатып алуу» долбооруна биргелешип каржылоо менен 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин

 

Шопоков шаардык Кеңешини төрагасы

Тилебек уулу Эмилбек