АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-январы № 4
Жогорку Арал айылына балдар бакчасынын айланасын тосуу, беседка куруу, имараттын алдын асфальтоо ж.б. (благоустройства) иштерин аткаруу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Арал айылдык кеңешинин ХХ – чакырылышынын ХII –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорку Арал айылына курулуп жаткан балдар бакчасынын айланасын тосуу, беседка куруу, имараттын алдын асфалтоо ж.б. (благоустройства) иштерин аткаруу Арал айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2. Жогорку Арал айылына курулуп жаткан балдар бакчасынын айланасын тосуу, беседка куруу, имараттын алдын асфалтоо ж.б. (благоустройства) иштерин аткаруу эң приоритеттүү болуп табылсын жана өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен 680966 сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү Арал айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Акматалиевке жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө инвестиция жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча, бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагаларына милдеттендирилсин.
5. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Мустапакулов |