КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-марты № 143/26-7
“Кара-Көл шаардык кеңештин сыйлыктары жөнүндө”
(Кара-Көл шаардык кеңешинин 2023-жылдын 3-февралындагы № 110/24-8 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамына ылайык, шаардык коомчулуктун алдында өзгөчө эмгеги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, илим, маданият, адабият, искусство, билим берүү, саламаттык сактоо жаатындагы, мамлекеттик, коомдук жана Кара-Көл шаарынын жашоо тиричилигинин башка чөйрөлөрүндөгү көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн сыйлоо үчүн, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык кеңешинин төмөнкү сыйлыктары белгиленсин:
а) Кара-Көл шаардык кеңешинин ыраазычылык каты;
б) Кара-Көл шаардык кеңешинин Ардак грамотасы;
в) Кара-Көл шаардык кеңешинин “ Мыкты инсан” медалы.
2. Төмөнкү жоболор бекитилсин:
а) 1-тиркемеге ылайык, "Кара-Көл шаардык кеңешинин ыраазычылык каты жөнүндө";
б) 2-тиркемеге ылайык, " Кара-Көл шаардык кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө";
в) 3-тиркемеге ылайык, “ Кара-Көл шаардык кеңешинин “ Мыкты инсан” медалы жөнүндө"
г) 4-тиркемеге ылайык, сыйлоо барагынын формасы;
д) 5-тиркемеге ылайык " Кара-Көл шаардык кеңештин сыйлыктарына көрсөтүү жөнүндө өтүнүч каттарды кароо боюнча Кара-Көл шаардык кеңешинин комиссиясы жөнүндө".
3. Жогоруда аталган сыйлыктарды даярдоо боюнча чыгымдар Кара-Көл шаардык кеңештин чыгымдар сметасынын чектеринде жүзөгө ашырылсын.
4. Кара-Көл шаардык кеңештин сыйлыктары Кара-Көл шаардык кеңештин төрагасынын буйругунун негизинде Кара-Көл шаардык кеңештин сыйлыктарына көрсөтүү жөнүндө өтүнүч каттарды кароо боюнча Кара-Көл шаардык кеңешинин комиссиясынын чечимине ылайык тапшырылат.
5. Кара-Көл шаардык кеңешинин медалы күбөлүксүз жараксыз болоору белгиленсин.
6. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
7. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык кеңештин төрагасына ( Б.Н.Кыргызалиев) , ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (У.С.Эшенкулов) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н. Кыргызалиев |
|
Кара-Көл шаардык кеңешинин 2019-жылдын 05-мартындагы №143/26-7 токтомуна 1-тиркеме |
Кара-Көл шаардык кеңешинин ыраазычылык каты жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты жана Кара-Көл шаардык кеңешинин ыраазычылык каты менен сыйлоо шартын жана тартибин белгилейт.
2. Кара-Көл шаардык кеңешинин ыраазычылык каты (мындан ары - Ыраазычылык кат) - бул майрам күндөрүнө, кесиптик майрамдарга карата жарандарды жана Кара-Көл шаарынын уюмдарынын жамааттарын тармактык ишинин багыттары боюнча белгилүү жетишкендиктери үчүн сыйлоо формасы.
II. Ыраазычылык каттын сүрөттөлүшү
Кара-Көл шаардык кеңешинин ыраазычылык каты А4 форматындагы (300 x 210 өлчөмүндөгү) ак түстөгү катуу жылтырак баракка (кошумча баракка) жол-жоболоштурулат. Кагаздын жогорку жана төмөнкү, оң жана сол четтеринен 1 мм аралыкты калтырып кыргыз элдик оймо салтындагы орнамент менен кооздолот.
Барактын жогорку четинен 16 мм аралыктан кийин көгүш түстөгү, 8,6 мм (24пт) өлчөмүндөгү "Times New Roman" шрифтинин баш тамгалары менен " КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ" же “ КАРА-КУЛЬСКИЙ ГОРОДСКОЙ КЕНЕШ” деген жазуу жайгашкан. Андан төмөнүрөөк барактын ортосунда Кыргыз Республикасынын герби жайгаштырылат.
Андан төмөнүрөөк баш тамгалар менен, 17,5 мм (48 пт) өлчөмдөгү, "Times New Roman" шрифти менен кызыл түстө "ЫРААЗЫЧЫЛЫК КАТ" же "БЛАГОДАРСТВЕННОЕ ПИСЬМО" деген сөздөр жайгаштырылат, андан төмөнүрөөк кызыл түстөгү, 4,5 мм (12пт) өлчөмүндөгү "Times New Roman" шрифти менен сыйлануучунун иштеген жери , кызматы жазылат. Андан төмөнүрөөк сыя түстөгү , 8,6 мм (24пт) өлчөмдөгү "Times New Roman" шрифти менен сыйлануучунун аты – жөнү жазылат. Төмөнүрөөк кара түстө 6 мм (16 пт) өлчөмүндөгү "Times New Roman" шрифти менен сыйлоо үчүн негизди көрсөтүү менен текст мамлекеттик же расмий тилдерде көрсөтүлөт. Төмөнүрөөк көк түстөгү 5 мм (14пт) өлчөмдөгү, "Times New Roman" шрифти менен " Төрага" деген сөз жазылып, кол коюу үчүн орун калтыруу менен, Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасынын аты-жөнү жазылат, андан төмөн жакта барактын ортосуна кара түстөгү, 4,5 мм (12пт) өлчөмдөгү "Times New Roman" шрифти менен буйруктун номери жана чыгарылган датасы жазылат.