Редакцияот 24.01.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Орловка шаарынын Кеңешинин XXVII чакырылышынын XVI кезектеги сессиясы

 

2019-жылдын 24-январы № 97/16-27

Жайыт пайдалануучулардын коомунун Жайыт комитетинин 2018 жылдын отчету жана 2019 жылга бюджетин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 4 беренесинин 3 пунктуна ылайык, ошондой эле Жайыт пайдалануучулардын коомунун Жайыт комитетинин төрагасы К.Джумалиевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жайыттарды натыйжалуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу үчүн, Орловка шаарынын Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыт пайдалануучулардын коомунун Жайыт комитетинин 2018-жылдын бюджетин аткаруу боюнча отчетун эске алуу.

2. Жайыт пайдалануучулардын коомунун Жайыт комитетинин 2019-жылга сунуш кылынган бюджетти жана иш планын бекитүү.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.С.Бейшеналиевке жүктөлсүн.

 

Төрага

Д.С. Сарбаев