КР Президентинин 2008-жылдын 6-октябрындагы ПЖ № 356 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2004-жылдын 14-декабры ПЖ № 437 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу сот адилеттик иштери боюнча Улуттук кењеш жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 3-июлундагы ПЖ № 348 жарлыгынын, 2006-жылдын 23-ноябрындагы ПЖ № 567 жарлыгынын редакциясына ылайык) Акыйкат, ачык жана жооптуу башкарууну камсыз кылуу боюнча улуттуксаясаттын чектеринде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, "КыргызРеспубликасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынынконституциялык Мыйзамынын жана "Жергиликтүү соттордун судьяларын аттес-тациялоо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорунаылайык жана жергиликтүү соттордун судьяларын тандоо, көрсөтүү, дайындоожана бошотуу тартибин жана шарттарын андан ары өркүндөтүү максатындатоктом кылам: 1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу сот адилеттик иш-тери боюнча Улуттук кењеш (мындан ары - Улуттук кењеш) түзүлсүн. Улуттук кењеш он алты адамдан турат жана судьялардын, Кыргыз Рес-публикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарынын, аткаруу бийлигинин жанакоомдук бирикмелердин өкүлдөрүнүн тењдеш санынан түзүлөт. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 3-июлундагы ПЖ N348 жарлыгынын, 2006-жылдын 23-ноябрындагы ПЖ N 567 жарлыгынын редакци-яларына ылайык) 2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу сот адилеттик иш-тери боюнча Улуттук кењеш жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин. 3. Бул Жарлык күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр белгиленсин: - Кыргыз Республикасынын судья кадрларынын резерви түзүлбөйт; - Кыргыз Республикасынын судья кадрларынын резервине киргизилгенадамдар Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу сот адилеттик иш-тери боюнча Улуттук кењеш жөнүндө жобого ылайык арызды жана документ-терди берүү жолу менен жергиликтүү соттун судьясынын бош кызмат орунунээлөөгө конкурска катышууга укуктуу; мында бул адамдар квалификациялыкэкзаменди тапшырды деп эсептелет жана конкурстун экинчи туруна - квали-фикациялык тандоого өзүнөн-өзү өтөт; - үч жыл өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын судья кадрларынынрезерви таратылды деп эсептелет, ал эми ага киргизилген жана булмөөнөттүн ичинде судьянын кызмат орунуна дайындалбаган адамдар КыргызРеспубликасынын Президентине караштуу сот адилеттик иштери боюнча Улут-тук кењеш жөнүндө жобого ылайык жалпы негиздерде судьянын кызмат оруу-нуна атаандаша алат; - Кыргыз Республикасынын судья кадрларынын резервине киргизилген,жергиликтүү соттун судьясынын бош кызмат орунун ээлөөгө конкурска каты-шууга арыз берген, бирок квалификациялык тандоодон өтпөгөн адамдар Кыр-гыз Республикасынын судья кадрларынын резервинен чыгарылды деп эсепте-лет жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу сот адилеттик иш-тери боюнча Улуттук кењеш жөнүндө жобого ылайык жалпы негиздерде судь-янын кызмат орунуна атаандаша алат. 4. "Кыргыз Республикасынын судьяларын аттестациялоону өткөрүү тар-тиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөркиргизилгенге чейин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу сотадилеттик иштери боюнча Улуттук кењешитин жергиликтүү соттордун судь-яларын аттестациялоону өткөрүү боюнча ыйгарым укуктарын Кыргыз Респуб-ликасынын Жергиликтүү сотторунун судьяларын аттестациялоо боюнча комис-сия жүзөгө ашыра тургандыгы белгиленсин, анын курамы "Кыргыз Республи-касынын Жергиликтүү сотторунун судьяларын аттестациялоо боюнча комисси-янын курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин2001-жылдын 13-мартындагы N 92 Указы менен бекитилген. 5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна, Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынына жана Эл өкүлдөр жыйынына,Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине Кыргыз мамлекеттикюридикалык академиясына, Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россиялык Славян уни-верситетине, "Кыргыз Республикасынын адвокаттар Союзу" коомдук бирикме-сине жана "Кыргызстан юристтери" Ассоциациясы" коомдук бирикмесине ушулЖарлыктын 1-пунктуна ылайык Улуттук кењештин курамына өз талапкерлеринбир айлык мөөнөттө көрсөтүү сунуш кылынсын. 6. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жана Кыргыз Республика-сынын Президентинин Администрациясынын юридикалык бөлүмү ушул Жарлыктын1-пуиктуна ылайык Улуттук кењештин курамына өз талапкерлерин бир айлыкмөөнөттө сунуш кылсын. 7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: - "Кыргыз Республикасынын судьяларын аттестациялоо жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Президентинин 1999-жылдын 10-мартындагы N 68 Указы; - "Кыргыз Республикасынын судьяларын аттестациялоо жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Президентинин 1999-жылдын 10-мартындагы N 68 Указынын3-пунктуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Пре-зидентинин 1999-жылдын 2-ноябрындагы N 279 Указы; - "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялыгына да-йындоого талапкерлерди көрсөтүү тартиби жана шарттары жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Президентинин 1999-жылдын 30-ноябрындагы N 307 Указы. 8. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев