Редакцияот 12.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Орозбеков айылдык кенешинин алтынчы чакырылыш кезексиз жыйырма жетинчи сессиясы

 

2018-жылдын 12-декабры № 146

“Даннур-Юг” компаниясы убактылуу пайдаланып келген жер аянтына келишим түзүүнүн мыйзамдуулугун карап чыгуу жөнүндө

 

Орозбеков айылдык кеңешинин депутаттары, Орозбеков айыл өкмөтүнүн “Даннур-Юг” компаниясы менен түзгөн келишиминин мыйзамдуулугун карап чыгып, КРнын Конституциясындагы жайыт жана кен байлыктар боюнча көрсөтүлгөн нормаларга каршы келгендиги жана жергиликтүү калктын кызыкчылыгы эске алынбагандыгын белгилеп, Орозбеков айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Орозбеков айыл өкмөтүнүн “Даннур-Юг” компаниясы менен убактылуу пайдаланып келген жер аянтына келишим түзүлбөсүн жана жайыт категориясында турган жер аянты убактылуу пайдаланууга берилбесин.

2. Токтомдун мыйзамдуулук жагын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин төрагасына (А.Назарбаев) жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Назарбаев