Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылыштагы кезектеги XXI сессиясы
2019-жылдын 15-марты № 218
Мырза-Аке айыл аймагындагы жалпы орто билим берүүчү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелери менен 2019-2021-жылдарга үч тараптуу келишимди каттоо
Регламент ,мыйзамдуулук укук тартиби жана депутаттык этика меселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү менен таанышып чыгып, талкуулап ,Кыргыз Республикасынын ,«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 32-беренесин жетекчиликке алып , Мырза-Аке айылдык Кеңешинин иштөө багытын бекемдөө максатында Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл аймагындагы “Айдан – плюс “,”Акмаанай” балдар бакчаларынын , А.Калмурзаев , М.Нурбаев орто мектептеринин
Мырза-Аке айыл өкмөтү менен 2019-2021-жылдарга үч тараптуу келишиминин негизинде иш алып баруу айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовко милдеттендирилсин.
Төрага | А.Кимсанов |