Редакцияот 28.06.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2019-жылдын 28-июну № 19

 «Баткен шаарынын 2019-жылга жана 2020-2021-жылдарга каралган жергиликтүү бюджеттин божомолун бекитүү жөнүндө» 2019-жылдын Баткен шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 27-декабрындагы №01-8/43 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндө 2011-жылдын 15-июлдагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 2;3;4;12-пункуттарына жана Баткен шаардык Кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 29-апрелдеги отурумунун протколунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен шаарынын 2019-жылга бекитилген бюджетинин киреше бөлүгүнүн планы тиркелген тиркемеге ылайык корректировкалансын. (№1тиркеме тиркелет)

2. Шаардык жергиликтүү бюджеттин корректировкаланган киреше бөлүгү Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги менен макулдашылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Бурканов/ тапшырылсын.

 

Төрага

А.Ташбеков