Редакцияот 31.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылышынын 5-cессиясы

2017-жылдын 31-майы № 6/1

Ак-Там айылындагы №2275 участкалык шайлоо комиссиясын экиге бөлүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде маселелерди угуп жана талкууга алып, Ак-Там айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 6- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.  Жогорудагы аталган участкалык шайлоо комиссиясында шайлоочулардын саны 2900 жарандан ашып кеткендигине байланыштуу макулдук берилсин.

2.  Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынан Ак-Там участкалык шайлоо комиссиясын экиге бөлүп берүү жагы суралсын.

3.  Бул токтомдордун аткарылышын камсыздоо жагы Ак-Там айыл аймагынын жооптуу катчысы К.Момуновага тапшырылсын.

4.  Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.

 

Төрага

С.Досалиев