Редакцияот 17.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылышынын 9-cессиясы

2018-жылдын 17-февралы № 9/5

Ак-Там айылдык аймагындагы айыл чарба багытындагы эмес жер салыгынын зоналдык коэффициентин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүулөрдү киргизүү жөнүндө 2009-жыл 27-июль №229 санында 339 статьясынын 4-бөлүгүнүн негизине таянып айыл чарба багытындагы эмес жер салыгынын зоналдык коэффициенттин кароо жөнүндө каралган маселелерди угуп жана талкууга алып, Ак-Там айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 9- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Жогорудагы белгиленген зоналдык коэффициенттер бекитилсин. (тиркеме тиркелет.)

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ак-Там айылдык салык бөлүмүнүн башчысы К. Дүйшебаевге жүктөлсүн.

3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.

 

Төрага

С.Досалиев

ТИРКЕМЕ

Кыргыз Республикасынын салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2009-жыл 27-июль № 255 санында 339-статьясынын 4-бөлүгүнүн негизинде 2018-жылга мүлк жана айыл чарба багытындагы эмес жер салыгын эсептөө үчүн зоналдык коэффициентинин өлчөмдөрү.

 

к/н

Тармактардын аталышы

Кз зоналдык коэффициенти

1

Жарнамалар, курулмалар

1,2

2

Мейманканалар, оюн зоок жайлар,банктар, ломбарддар,акча алмаштыруу пункттары

1,0

3

Авто май куюуучу жайлар, автосервис ишканалары

1,2

4

Чакан базарлар, мал базарлар, тоют жем сатуу базарлары

0,5

5

Коомдук тамактануу кызмат көрсөтүү ишканалары

0,8

6

Дүкөндөр, киоскалар, ларектр жана башка соода мекемелери

1,2

7

Администрациялык офистик имараттар, бизнес борборлору

1,2

8

Өнөр-жай транспорт курулуш , байланыш жана энергетика мшканалары

1,2

9

Илим билим берүүнүн, саламаттыкты сактоонун, маданияттын жана спротттун комерциялык мекемелери

0,7

10

Иштелип жаткан кендер, кареърлер, шахталар, разьезддер, таштанды төгүүчү жайлар

1,2

11

Геологиялык чалгындоо, долборлоо-иликтөө, чалгындоо жана иликтөөчү жайлар.

1,2

12

Айыл чарбасындагы өндүрүштүк имараттар (гараждар,оңдоо устанаканалары, кырмандар, дан тазалоочу комплекстер, жашылча картошка сактоочу жайлар, курулуш жана чарбалык жайлар жана башка айыл өндурүштүк имараттары)

0,7

13

Коргонуу спорт техникалык уюмдар

0,3

14

Авто токтоочу жайлар

0,3

15

Кен өнөр жайынын ишканалары

1,2

16

Байланыш жана электр берүүлөрдүн аба линиялары

1,2