Редакцияот 24.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылышынын 11-cессиясы

2018-жылдын 24-ноябры № 11/1

Мамлекеттик шаар курулушу жана архитектура долбоорлоо институнун Оштогу филиалы тарабынан Ак-Там айылдык аймагынынын Ак-Там, Жапа-Салды, Кызыл-Ата айылдарынын генералдык планын бекитүү жөнүндө

Мамлекеттик шаар курулушу жана архитектура долбоорлоо институнун Оштогу филиалы тарабынан Ак-Там айылдык айманынын генералдык планын карап чыгып филиалдын директору М.Ш.Асилбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Ак- Там айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 11-cессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Ак-Там, Жапа-Салды, Кызыл-Ата айылдарынын генералдык планынын долбоору толугу менен бекитилсин.

2. Участкаларды бөлүштүрүү жагы КР Жер кодексинин 13статьясынын 3 пунктуна ылайык бекитилген генпландын негизинде жүргүзүлсүн.

3. Бекитилген генпланга өзгөртүүлөр жана толуктоолор филалдын макулдугу менен аткарылсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак- Там айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

5. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.

 

Төрага

С.Досалиев