Редакцияот 13.03.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы

 

2019-жылдын 13-марты №17/22

 Чет-Нура айылындагы жайыт жер аянттарына мараторий жарыялоо жөнүндө

Чет-Нура айылынын тургундарынын макулдугунун негизинде Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин XVII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чет-Нура айыл өкмөтүнүн Чет-Нура айылында жайгашкан Эки-Чат участкасындагы жайыт аянтына жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт башкаруу планына ылайык 5 (беш) жылдык мөөнөткө жайыт жерлерди эс алдыруу максатында мараторий жарыялансын.

2. Мыйзам чегинде иш алып барып, токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго тапшырылсын.

 

Төрага:

Т.Садыкбеков