ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-декабры № 21/1
Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетин, 2020-2021-жылдарга болжолдуу сметалык планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык Талды-Суу айыл аймактык айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019 -жылдын бюджети киреше жана чыгаша болүгү сметанын негизинде 10081,8 мин сом менен бекитилсин.
КИРЕШЕ БөЛҮГҮ
- тендештирилген грант - 7064,1 миң сом
- жергиликтүү киреше - 3017,7 миң сом
-Баары: - 10081,8 миң сом
ЧЫГАША БөЛҮГҮ
- аппаратка - 5393,2 миң сом
- маданиятка - 624,9 миң сом
- билим берүүгө - 3617,6 миң сом
-атайын каражат - 175,0 миң сом
- Экономикалык маселелер - 271,1 миң сом
- Баары - 10081,8 миң сом
2. 2020-2021-жылдарга болжолдуу сметалык план төмөндөгүчө бекитилсин.
№ | Киреше түрү | 2020-жыл | 2021-жыл |
1 | Теңдештирилген грант | 6938,7 | 6602,3 |
2 | Жергиликтүү киреше | 3345,3 | 3693,3 |
2020-жылга болжолдуу бюджет баары: 10284,0 (Он миллион эки жүз сексен төрт миң) сомго, 2021-жылга болжолдуу бюджет баары: 10295,6 (Он милион эки жүз токсон беш миң алты жүз) сомго бекитилди.
3. Жергиликтүү салыктын түрлөрү боюнча чогулган акча каражаттын чогулушу жана төгүлүшү айыл өкмөтүнүн салык кызматкери Турдиева Кульбайрага тапшырылсын.
4. Айыл өкмөтүнүн эсебиндеги акча каражаттар бекитилген сметага ылайык казына бөлүмү аркылуу түз чыгымдалсын жана аны көзөмөлдөө жагы финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Н. Дайыргазы уулуна милдеттендирилсин.
Төрөга | Ж.Дуйшеев |