Редакцияот 06.09.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кыштут айылдык Кенешинин VI – чакырылышынын кезектеги ХVI сессиясы

 

2019-жылдын 6-сентябры № 8

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-сентябрындагы №491токтомунун, 2018-жылдын 29-январындагы №59 токтомунун редакциясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы №571 токтомунун негизинде Кыштут айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2014-жылдын 25-августундагы №4 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө

 

Баткен районунун прокуратурасынын 19.03.2019-жылдагы № 11/264-19 сандуу каршылык билдирүүсүнүн негизинде Кыштут айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2014-жылдын 25-августундагы № 4 токтомун жокко чыгаруу максатында Кыштут айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыштут айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2014-жылдын 25-августундагы №4 токтому Баткен районунун прокуратурасынын 19.03.2019-жылдагы № 11/264-19 сандуу каршылык билдирүүсүнүн негизинде жокко чыгарылсын.

2. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага

А. Зикиров