Редакцияот 05.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

2017-жылдын 5-июлу №16/2

Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн тизмегин бекитүү жөнүндө

Баетов айыл аймагындамуниципалдык кызмат көрсөтүүнүн тизмегин бекитүү жөнүндөгү күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин XVI-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баетов айыл аймагында муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн тизмеги төмөндөгүдөй болуп бекитилсин

 

1

Үй-бүлөлүк абалы, мүлкү, малдын саны тууралуу маалыматтарды берүү форма №1

Айыл өкмөтү

акысыз

2

Жашаган жери, үлуш жери боюнча мааламкаттар форма №2

Айыл өкмөтү

акысыз

3

Малдарды сатуу боюнча маалымкаттарды берүү форма №3

Айыл өкмөтү

акысыз

4

Айлык тууралуу маалымкаттарды берүү форма №4

Айыл өкмөтү

акысыз

5

Мал оорулардын алдын алуу максатында муниципалдык ветеринардык кызмат көрсөтүү

Айыл өкмөтү

акысыз

6

Жер участокторуна, чарбакка, иштетилген жерлерге укук документтерди жол жоболоштуруу

Айыл өкмөтү

акысыз

7

Кыш мезгилинде карышкыр атууну уюштуруу

Айыл өкмөтү

акысыз

8

Кургак учук менен ооругандар үчүн жол кире төлөп берүү

Айыл өкмөтү

акысыз

9

Жардамга муктаж ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, жалгыз бой адамдарга жардам көрсөтүү

Айыл өкмөтү

акысыз

10

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жаңы окуу жылына карата окуу куралдар, форма, бут кийим алып берүү

Айыл өкмөтү

акысыз

2. Баетов айыл аймагынын муниципалдык кызмат көрсөтүү жөнүндө тизмегине ылайык иш жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмолдөө жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.

Төрага

К.Абакиров