Редакцияот 20.01.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

2018-жылдын 20-январы №XXIV/1

Күйгөн-Өтөк участкасындагы купканы (мал киринтүүчү жай) Баетов айыл өкмөтүнүн балансасына кабыл алуу жөнүндө

Күйгөн-Өтөк участкасындагы купканы (мал киринтүүчү жай) Баетов айыл өкмөтүнүн балансасына кабыл алуу жөнүндөгү күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин кезексиз XXIV-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баетов айылынын Орто-Сырт колхозу убагында салынган Күйгөн-Өтөк учаасткасындагы купка (мал киринтүүчү жай) Баетов айыл өкмөтүнүн балансасына алынбай калгандыктан, Баетов айыл өкмөтүнүн балансасына кабыл алынсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.

 

Төрага

Б.Капарбек уулу