Редакцияот 14.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз Республикасынын Ош облусту, Кара-Суу району, Төлөйкөн айылдык Кеңешинин кезексиз XXXIV сессиясы

 

2017-жылдын 14-декабры. №34-2-1

Төлөйкөн айыл аймагынын Жаны-Турмуш айылына статус берүү жөнүндө

Төлөйкөн айыл аймагынын Жаны-Турмуш айылынын тургундарынын 17.06.2017-жылдагы элдик жыйынын №1 протоколун талкуулап, Төлөйкөн айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Коргон айылынын 17.06.2017-жылдагы жалпы элдик жыйынын токтому бекитилсин.

2. Төлөйкөн айыл аймагынын Жаны-Турмуш айылына айыл статусу берилсин.

3. Чек арасы чыгыш тарабы Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү, батыш тарабы Папан айыл өкмөтү менен чектешкен деп белгиленсин.

4. Бул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн суралсын.

5. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана иш кагаздарды даярдап берүү жагы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Х. Сулаймановго жүктөлсүн.

 

Төлөйкөн айылдык кеңешинин төрагасы:

И. Ажиматов.