Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин

2013-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ N 193 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 7-майы ПЖ № 164

 

             КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН

                         АТКАРУУЧУНУН ЖАРЛЫГЫ

 

         "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Адам

         укугу боюнча комиссия жөнүндө" Кыргыз Республнкасынын

             Президентинин 1997-жылдын 5-июлундагы Указына

               өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү

                                тууралу

 

     Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Адам  укугу  боюнча

комиссиянын  ишин  Кыргыз  Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү

жана анын мамлекет башчысы адамдын жана Кыргыз Республикасынын  жараны-

нын  укуктарынын жана эркиндиктеринин гарантынын конституциялык ыйгарым

укуктарын турмушка ашырышында ага көмөк көрсөтүү боюнча ишин өркүндөтүү

максатында токтом кылам:

     1. "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Адам укугу  бо-

юнча комиссия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1997-жылдын

5-июлундагы № 204 Указы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын  Прези-

дентинин алдындагы Адам укугу боюнча комиссия жөнүндө Жобого төмөнкүдөй

өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

     - 3-пунктта:

     үчүнчү жана төртүнчү абзацтар бир үчүнчү абзацка бириктирилсин жа-

на төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

     "- төмөнкүлөргө көмөк көрсөтүү:

     адамдын жана  жарандын  укуктарын  жана эркиндиктерин камсыз кылуу

жана коргоо механизмдерин өркүндөтүүгө;

     адамдын жана  жарандын  укуктары  жана эркиндиктери жөнүндө Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарын Кыргыз Республикасынын Конституциясына, бул

жаатындагы эларалык стандарттарга ылайык келтирүүгө;

     Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук жактан  маалымдар  болушун

өнүктүрүүгө;

     адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо  жагынан

эларалык  уюмдар,  чет  өлкөлүк коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдар менен

кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө.";

     - 4-пунктта:

     үчүнчү-сегизинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

     "- Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эр-

киндиктерин камсыз кылуу жана коргоо  механизмдерин  өркүндөтүү  боюнча

чараларды караган ишаракеттердин улуттук планын иштеп чыгууну жана тур-

мушка ашырууну координациялайт;

     аталган чөйрөдө ООНдун,  ОБСЕнин жана башка ыйгарым укуктуу элара-

лык уюмдардын алдында адамдын жана  жарандын  укуктарын  камсыз  кылуу,

коргоо  чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын отчетторун даярдоого жана су-

нуш кылууга катышат;

     Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркин-

диктерин камсыз кылуу жана коргоо боюнча мамлекеттик органдардын ишинин

мониторингин жүзөгө ашырат;

     өзүнүн жыйналыштарында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркин-

диктерин  камсыз кылуу жана коргоо маселелери боюнча Кыргыз Республика-

сынын мамлекеттик органдары сунуш кылган материалдарды (отчетторду, ма-

алыматтарды, докладдарды) карайт;

     Кыргыз Республикасынын Президентине төмөнкүлөр  боюнча  сунуштарды

даярдайт:

     адамдын жана жарандын укуктарын жана  эркиндиктерин  камсыз  кылуу

жана коргоо механизмдерин өркүндөтүү;

     адамдын жана жарандын укуктары жана  эркиндиктери  жөнүндө  Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарын Кыргыз Республикасынын Конституциясына, бул

жаатындагы эларалык стандарттарга ылайык келтирүү;

     Кыргыз Республикасынын  калкынын  укуктук жактан маалымдар болушун

өнүктүрүү;

     адамдын жана  жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жагынан

эларалык кызматташтыкты жакшыртуу жана андан ары өнүктүрүү;

     - адамдын  жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу

жана коргоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын  Акыйкатчысы  (Ом-

будсмени),  өлкөдөгү жана чет өлкөлөрдөгү тиешелүү мамлекеттик структу-

ралар, укук коргоочу жана өкмөттүк эмес уюмдар менен кызматташат.";

     - 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

     "7. Комиссия комиссиянын төрагасынын жана кеминде он мүчөсүнүн ку-

рамында түзүлөт, аларды Кыргыз Республикасынын Президенти бекитет.

     Комиссиянын төрагасы Кыргыз Республикасынын  Президенти  тарабынан

дайындалат,  мамлекеттик кызматчы болуп саналат жана Кыргыз Республика-

сынын Президентинин Администрациясынын курамына кирет.".

     2. Турсунбек  Акун  Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы

Адам укугу боюнча комиссиянын төрагасы болуп дайындалсын.

     3. Кыргыз  Республикасынын Мамлекеттик катчысы жана Кыргыз Респуб-

ликасынын Президентинин алдындагы Адам укугу боюнча комиссиянын төрага-

сы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Адам укугу боюнча ко-

миссиянын жекече курамы боюнча  макулдашылган  сунуштарды  жети  күндүк

мөөнөттө киргизсин.

     4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын  Жетек-

чиси Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын структура-

сына жана штаттык санына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана

мамлекет башчысынын башка ченемдик укуктук актыларын ушул Жарлыкка ыла-

йык келтирүү боюнча сунуштарды киргизсин.

     5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

     Кыргыз Республикасынын Президентинин

     милдетин аткаруучу                              К.Бакиев