Сравнение редакций…
АЛАМҮДҮН Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-ноябры № 133-27
Муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин эрежелерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесине, Аламүдүн айылдык кеңешинин 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 116 токтомуна ылайык иштелип чыккан Аламүдүн айыл өкмөтүнүн муниципалдык ишканалары жана мекемелери менен жергиликтүү маанидеги маселелерди уюштуруу жана ишке ашыруу тартибин аныктаган эрежелердин долбоорун талкуулап, ошондой эле жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айыл аймагында колдонула турган Аламүдүн айыл өкмөтүнүн муниципалдык ишканаларынын жана мекемелеринин төмөнкү эрежелери бекитилсин:
- Суу түтүктөрүн жана канализацияны пайдалануу эрежелери;
- Муниципалдык унаанын иштешин камсыз кылуу жана коомдук унаанын ишин жөнгө салуу эрежелери;
- Сырткы жарнамаларды жайгаштыруу эрежелери;
- Үй жаныбарларын жана канаттууларды кармоонун эрежелери;
- Көрктөндүрүүнү, тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу эрежелери;
- Жерди пайдалануу жана куруу эрежелери.
2. Ушул токтомдор тиркемелери менен Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |
|
Аламүдүн айылдык кенешинин
21-ноябрь 2019-жылы
№ 133 токтому менен бекитилген
Аламүдүн айыл аймагында
көрктөндүрүүнү, тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу
ЭРЕЖЕЛЕРИ
Аламүдүн айыл аймагындагы ушул Көрктөндүрүү эрежеси “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинин жана башка Аламүдүн айыл аймагынын сырткы көрктүүлүгүнүн абалына жана айлана-чөйрөнү коргоого болгон талаптарды аныктаган Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын негизинде иштелип чыкты.
1. Жалпы жобо
1.1. Юридикалык жана жеке жактар, жеке ишкерлер жана Аламүдүн айыл аймагынын бардык аймактарында, анын ичинде жалпы колдонуудагы аянттарда жана жеке курулуштагы аянттарда тазалыкты сактоого жана тартиптүүлүктү колдоо, көрктөндүрүүнүн элементтеринин (жолдор, тротуарлар, көк майсандар, кичи архитектуралык формалар, сырткы жарыктандыруулар, ирригациялык тармактар ж.б.) бузулушуна жана талкаланышына жол бербөөгө, ар кандай менчик объетилерине этияттык менен мамиле кылууга милдеттүү.
1.2. Ушул Эрежеде төмөндөгүдөй негизги терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
- аймактагы көрктүүлүктү калыбына келтирүү – өндүрүштүк иш башталганга чейин болгон аймакты тазалоо жана тартипке иретке келтирүүнү кошкондо, көрктүүлүктүн бузулушуна алып келген аймактарды, көк майсандарды, ирригациялык тармактарды, жол төшөлгөлөрүн, подъезге кире бериштерди, тигилген өсүмдүктөрдүн жана башкалардын абалын калыбына келтирүү боюнча комплекстүү иштер.
- короо аймактары – турак жай имараттарына жанаша турган жана анда жашаган адамдардын жалпы колдонуусунда турган, төрт тарабы турак имараттар, имараттар, курулмалар же тосмолор менен чектелген аймак. Короо аймактарына ага туташ турган турак үйлөрдө жашаган адамдардын кызыкчылытарына ылайык балдар аянтчасы, эс алуу орундары, кермелер, унаа токтотуучу жайлар, көгөрүп турган бак-дарактар жана башка коомдук колдонуунун объектилери жайгаштырылат.
- КТТны (Катуу тиричилик таштандыларын) ташып чыгаруу боюнча келишим – буйрутма берүүчүнүн жана аны аткаруучунун (КТТны ташып чыгаруу боюнча жалданма адистештирилген уюмдар) ортосунда түзүлгөн, юридикалык күчкө ээ, жазуу жүзүндөгү макулдашуу, буга ылайык аткаруучу буйрутма берүүчүнүн тапшымасы боюнча КТТны ташып чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүгө милдеттендирилет, ал эми буйрутма берүүчү бул кызматтын акысын төлөп берүүгө милдеттендирилет;
- санкцияланбаган таштанды жайлары – юридикалык же жеке жактардын иш процессинен улам калыптанган КТТны, чон көлөмдөгү таштандыларды, өндүрүш жана курулуш калдыктарын, башка таштандыларды өз билгениндей (санкцияланбаган) ыргытуу (жайгаштыруу) же чогултуу;
- көрктөндүрүлгөн бак-дарактар - жасалма жана табигый өсүп чыккан бак, бак-бадалсымалдар, бадалсымалдар жана чөп өсүмдүктөрү.
- компенсациялык жашылдандыруу – жок кылынгандардын же бузулгандардын ордун көрктөндүрүлгөн бак-дарактар менен жаңылоо;
- жалпы колдонуудагы аймактарды жашылдандыруу – Аламүдүн жана Садовое айылдарынын бардык калкы эс алуу үчүн (рекреация үчүн) колдонгон, жалпы коомчулук үчүн акысыз жана жеткиликтүү болгон аймактар: бакчалар, парктар, маданият жана эс алуу парктары, мемориалдык комплекстер, гүл бакчалар, жолдор, жээктер, токой парктары.
1.3. Аламүдүн айыл аймагында таштанды салуучу контейнерлерге курулуш таштандыларын ыргытууга жол берилбейт.
Көчөлөрдү, аянттарды, парктарды, гүл бакчаларды жана башка коомдук жайларды булгоого тыюу салынат.
Таштандыларды арыктарга жана коллектордук-дренаждык тармактарга шыпырууга жана ыргытууга, аларга саркынды суулардын агымын кошууга тыюу салынат.
Канализациялык түтүктөрдү сууларга, көлдөргө, көлмөлөргө, муниципалдык жолдорго, коллекторлорго чыгарууга тыюу салынат.
Муниципалдык жолдорго, тратуарларга, парктарга, көлмөлөргө, көлдөргө, каналдарга, коллекторлорго септик жасоого тыюу салынат.
1.4. Таштандыларды, жалбырактарды, тараларды, унаанын дөңгөлөктөрүн, өндүрүштүн калдыктарын өртөөгө, от жагууга, жер тилкелеринин аймагына, анын ичинде ишканалардын жана менчик үй ээлигинин аймагына таштандыларды көмүүгө тыюу салынат.
1.5. Топурактарды, таштандыларды, эшилме курулуш материаларын, жеңил тараларды, жалбырактарды, жыгачтын таарындыларын брезент менен капталбаган же жолдордун булганышына жол берген башка материалдар менен ташып жеткирүүгө тыюу салынат.
1.6. Таштандыларды алып чыгуу КТТны (таштанды) ташып чыгаруу графиги боюнча гана жүргүзүлөт.
2. Таштандыларды чогултуу жана ташып чыгаруу боюнча иштерди уюштуруу
2.1. Чарбалык ишмердүүлүктүн натыйжасында келип чыккан өнөр жай ишканаларынын өндүрүш калдыктарын чогултуу жана убактылуу сактап туруу ушул максатта бөлүнгөн атайын жабдылып жайгашкан жерлерде ишкананын күчү менен жүргүзүлөт, ошондой эле калдыктарды жайгаштырууга болгон чектемелер жана аларды сактоо мөөнөтү “Мээнет Аламүдүн” МИ менен милдеттүү түрдө макулдашылат.
Ишканалардын аймагында атайын бөлүнгөн орундан тышкары калдыктарды чогултууга жана аларды жайгаштыруу үчүн коюлган чектен ашырууга тыюу салынат.
2.2. Үй ээликтериндеги жана ишканалардагы таштандыларды жана булганычтарды ташып чыгарууну КТТны ташып чыгаруу боюнча адистештирилген ишканалар келишимге ылайык жүргүзөт. Адистештирилген ишканалардын тейлөөсүн жаба албаган ишканалар таштандыларды тиешелүү келишимдин негизинде, өзүнүн атайын унаасы (таштанды ташуучу) жана КТТны чогултуу үчүн атайын жабдылган аянтчасы бар болгон учурда, КТТны (таштанды) ташып чыгаруу боюнча белгиленген графиктик мөөнөттө таштанды чыгаруучу жайга ташып чыгарууну жүргүзөт.
2.3. Санкцияланбаган таштанды жайлары, калдыктарды өрттөө боюнча күнөлөнгөн адамдар колдонудагы Бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылат. Адамдын санкцияланбаган таштанды жайлар үчүн жоопкерчилигин белгилөө мүмкүнчүлүк болбогон учурда, калдыктарды жок кылууну жана санкцияланбаган таштанды жайлардын ордун калыбына келтирүүнү аймактын ээсинин же болбосо жер пайдалануучунун каражатынын эсебинен ыйгарым укукту орган белгилеген мөөнөттө жүргүзүлөт.
3. Аламүдүн айыл аймагында тазалоо иштерин уюштуруу жана анын санитардык мазмуну
3.1 Ишканалар, мекемелер, уюмдар, чарбалык субъектилердин, көп батирдүү турак үйлөрдөгү турак жана турак эмес имараттардын кожоюндары, жеке турак үйлөрдүн ээлери бөлүнүп берилген, бекитилген жана жанаша аймактарда (3.2-пункка ылайык) өз каражатынын эсебинен күндөлүк санитардык тазалоо иштерин жүргүзүүгө милдеттүү. Бул иштерге жалданма жумушчуларды (короо кызматкерлерин) тартуу же акы төлөнүүчү келишимдин шартында адистештирилген уюмдар менен тийиштүү макулдашууларды түзүү өз алдынча жүргүзүлөт.
Таштандыларды сактоо КТТны ташып чыгаруу боюнча адистештирилген ишканалар менен түзүлгөн келишимге ылайык жүргүзүлөт.
3.2. Теңдем кармоочулар, имараттардын жана курулмалардын ээлери, жер пайдалануучулар жана жер ээлери, тийиштүү муниципалдык кызматтар, жеке турак үйлөрдүн кожоюндары жана жалдоочулар, көп кабаттуу турак үйлөрдөгү турак жана турак эмес имараттардын ээлери өздөрүнө бекитип берилген аймактардын чегинде короо-жайга танапташ жана үйгө караштуу участоктордогу жолдорду, аянттарды, жээктерди, көпүрөлөрдү, базар аянтчаларын, өткөөл жолдорду, тротуарларды, короолорду, машина токтотуучу жайларды, скверлерди үзгүлтүксүз тазалап турууга, жашылдандырууларды жана ирригациялык түйүндөрдү сактоого милдеттүү, анын ичинде:
- узундугу – имаратка, үй кожолугуна же участокко жанаша турган бардык аймактык аралыкка;
- туурасы – унаа жүрүүчү жолдун же аянттын бөлүгү боюнча, ал эми бир тараптуу курулуш болгон учурда - маңдай жактагы тротуарды кошкондо унаа жүрүүчү жол бөлүгүнүн бүтүн туурасы.
Эгерде бир имаратта бир нече колдонуучулар (ижарага алгандар) бар болгон учурда, жанаша аймакты санитардык жактан кармоо боюнча жоопкерчилик имараттын ээсине же болбосо анын ыйгарым укукту өкүлүнө жүктөлөт. Мындай учурда жоопкерчилик аймактарын ажыратуу имараттын бардык колдонуучулары кол койгон ижара келишими же келишим менен аныталат.
3.3 Дарыялардын жана көлмөлөрдүн жээктерине танапташ аймактардагы тазалоо иштери анын бардык кеңдигинде, анын ичинде ага жакын тротуарлар жана сууга барчу жолдордо жүргүзүлөт.
3.4. Бөлүнгөн тилкенин көк майсандуу бөлүгүнө тазалоо, машина жүрүүчү бөлүктөгү тосмолорду, тротуарларды жана көк майсандарды, башка жол көрктүүлүгүнүн элементтерин сактоо үчүн жоопкерчиликти алар балансында турган ишкана алат.
Бул иштерди аткарууда жолдун унаа жүрүүчү бөлүгүнө жана өтмөктөргө таштандыларды ташып чыгууга тыюу салынат.
3.5. Убактылуу көчөлөрдөгү соода-сатык жерлерин, соода-сатыктын объектисине 10 метр аралык, ал эми базарлар үчүн соода-базар комплекстерине 50 метр аралыкка чейинки жанаша аймактарды (соода кылуучу павильондорго, тез курулуучу комплекстерине, чатырларга, күркөлөргө ж.б) тазалоо үчүн жоопкерчилик ошол соода объектилеринин кожоюнуна жүктөлөт.
Жанаша турган көк майсандарга, базар чатырчаларынын, күркөлөрдүн ж.б үстүнө тараларды сактоого жол берилбейт.
3.6. Узак убакытка чейин колдонулбаган жана өздөштүрүлбөгөн аймактарды, курулушу бузулгандан кийинки аймактарды тазалоо жана сактоо үчүн жоопкерчилик ошол аймактар бөлүнүп берилген жер пайдалануучуга же болбосо жер кожоюнуна, курулушту бузуу боюнча иштерди аткарган жалданма уюмга жүктөлөт.
3.7. Авто май куюучу бекеттердин, унаа жуугуч посттордун, май куюучу комплекстердин кирүүчү жана чыгуучу аймактарын, ошондой эле ага жакын аймактарды (15 метрден кем эмес чөлкөмдү) жана кирме жолдорду тазалоо, көрктөндүрүү, тазалыгын сактоо үчүн жоокерчилик көрсөтүлгөн объектилердин боюнча теңдем кармоочулары өз мойнуна алат.
3.8. Ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин, башка чарбалык субъектилердин аймактарын (заводдун ичиндеги, короонун ичиндеги аймактар), ошондой эле ал аймактарга жанаша турган аймактарды (участоктун башталган чеги, тосмолор, имараттар) тазалоо жана сактоо үчүн жоопкерчиликти менчигинде, ээлигинде, ижарада же болосо көрсөтүлгөн аймакта жайгашкан курулуш балансында турган ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын администрациялары алат.
3.9. Короо аймактарындагы, ички короо жолдорун жана тротуарлардагы шыпырындыларды, чаңдарды жана майда тиричилик таштандыларды шыпырып тазалоо жана аларды жууп тазалоону турак жай ээлеринин шериктиги, кондоминиумдар же көп кабаттуу турак үйдө жайгашкан турак-жай жана турак эмес имараттардын ээлери менен түзүлгөн келишимге ылайык жалданма турак жай-эксплуатацилоочу уюмдун жумушчулары механикалашкан ыкма же кол менен таңкы саат 8ге чейин ишке ашырат. Аймактагы тазалык жумушчу күн бою сакталып турушу керек.
3.10. Уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин, ижарачылардын ортосунда тазалоо аймактарынын чектерин аныктоо боюнча талаш маселе жаралган учурда “Мээнет Аламүдүн” МИ менен биргеликте Аламүдүн айыл өкмөтү тарабынан (жер пайдалануу жана жанаша аймактар боюнча келишимди эске алуу менен) алар менен макулдашылган тазалоо картасын түзүү менен ишке ашырат.
Талаптагыдай тазалык күн бою сакталып турушу керек.
Короо аймактарын, эл массалык чогулган жерлерде (автобекеттердин кире бериштеринде, базарлардын аймактарында, соода-сатык жайларында жана башка) тазалоо иштери иш күн бою жүргүзүлөт.
4. Жашылдандырууларды, көчөттөрдү санитардык жактан кармоо жана жашылдандырылган аймактардагы көрктөндүрүүлөрдү коргоо
4.1. Жашылдандырылган аймактардагы көрктөндүрүүлөрдү коргоо –болгон жашылдандыруулардын абалын сактоого, калыбына келтирүүгө, жакшыртууга багыталган административдик-укуктук, уюштуруу-чарбалык, экономикалык, архитектуралык-пландаштырылган жана агротехникалык иш-чаралардын тутуму. Жашылдандырууларды коргоо ар бир Аламүдүн айыл аймагынын жашоочуларынын милдетүү карызы болуп саналат. Парктарга, скверлерге жана башка эс алуу жайларына барган бардык жарандар тазалыкты жана тартипти сактоого милдетүү. Жашылдандырууларга этияттык менен мамиле жасалат, бузуулар менен күрөш жүргүзгөн тийиштүү органдар жардам көрсөтөт.
- багуу жана оңдоп-түзөө процесстеринде бактарды жана бадалдарды кесүү жана көчүрүү бардык учурларда ушул Эреженин жана техникалык регламенттин талаптарына ылайык жүргүзүлөт;
4.2. Жашылдандырылган аймактарда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
-жашылдандырууларды санкцияланган кесүү жана кыюу учурларын кошпогондо, жашылдандырууларды сындырууга жана жок кылууга;
- бактарды, бадалдарды өз эркинче кесүүгө жана көчүрүүгө, тийиштүү кызматтар менен макулдашпай туруп бакчаларды жана көк майсандарды орундаштырууга;
- көк майсандарга таштандыларды жана башка булганычтарды ыргытууга;
- жалбырактар түшүп жаткан мезгилде жалбырактарды өрттөөгө, аларды арыктарга шыпырууга, алар менен бактардын жана бадалдардын сөңгөктөрдүн толтурууга (максатка ылайык аларды үймөк-үймөк кылып чогултуп, көчөлөргө чачылып кетүүсүнө жол бербестен компостирленген же таштанды жайга жеткирүү үчүн атайын бөлүнгөн орундукта жок кылуу керек);
- от жагууга жана өрт коопсуздук эрежелерин бузууга;
- бактарга гамактарды, селкинчектерди, кир жаюучу кермелерди илип коюуга, дарактардын боорлоруна мыктарды, илгичтерди кагууга, бактарга жарнама щиттерин, кулактандырууларды, номурдук белгилерди, көрсөткүчтөрдү, электр зымдарын, лампочкадан турган электр гирляндаларын, желекче гирляндаларды, тикенек сымдарын жана башка бактарга зыянын тийгизген тосмолорду бекитүүгө;
- бактардан шире, чайыр чыгарууга, кабыгын сыйрууга, кесүүгө, жазууга жана башка механикалык бузулууларга алып келүүгө;
- белгиленген эрежелер боюнча макулдашуусуз инженердик коммуникацияларды куруу үчүн жер казууларды жүргүзүүгө;
- көк майсандардын үстүнөн же башка жашылдандырылган участоктордо унаа каражаттарын айдап өтүүгө жана токтотууга;
- көк майсандарга курулуш материалдарын жана таштандыларды чогултууга;
- гүлдөрдү үзүүгө жана дарактар менен бадалдардын бутактарын сындырууга;
- балдар ойноочу жайлардын, спорттук, медициналык мекемелердин, мектептердин, коомдук азыктандыруу ишканаларынын, дарыя, көл жана суу сактагычтардагы суу-коргоо чөлкөмдөрүнүн, суу менен камсыздоонун булактарын санитардык коргоонун биринчи жана экинчи алкактагы чөлкөмдөрүнүн аймактарында ар кандай пестициддерди колдонууга тыюу салынат;
- парктардагы, скверлердеги, гүл бакчалардагы, көчөлөрдөгү жана короо аймактарындагы бактардын, айрыкча ак кайыңдардын жана ийне жалбырактуу тектеги бактардын негизги өзөгүн агартууга жана сырдоого;
Чыланган аки таш же атайын курамдар менен бактардын негизги өзөгүн агартууга гана жогорулатылган санитардык талаптар коюлган (коомдук дааратканаларга жакын, химиялык жана азык-түлүк өндүрүүчү ишканалардын таштандылары жана тиричилик калдыктары чогултулган жерлерде) айрым участоктордо гана жол берилет.
4.3. Бактарды мыйзамсыз кыюу жана сындыруу колдонуудагы мыйзамдарга ылайык чыгымы төлөтүлөт.
4.4. Эски, ооруган, соолуган жана сынган бутактарын, ошондой эле борбордук өзөктөн курч бурчтуу келип жогору кара же туурасын көздөй чыгып турган сөзсүз жок кылууга туура келген чырпыктарды жок кылуу багытында бактарды аралоону, бактын жогорку бөлүгүн санитардык кесүүнү, аларды ташып чыгарууну аларды сындырып албоо жана негизги өзөктө жараат пайда кылбоо үчүн, бактардын жогорку бөлүгүндөгү бутактарды кесүү жана соолуган, авариялык абалдагы, сырткы кооздугунан ажыраган бактарды кыюу боюнча иштерди жүргүзгөн уюмдар ишке ашырат.
4.5. Жашылдандыруулардын ширеси каныгып жаткан учурда (апрель-май) бактарга жана бадалдарга калыптоочу кесүүлөр жүргүзүлбөйт. Куураган жана абалы жакшы эмес бактардан аймактарды тазалоо бактарды ордунда бөлүү (же болосо бир тарапка жыгылган бакты бөлүү менен) жана кийин өзөктөрдү ташып чыгаруу менен аткарылышы мүмкүн.
5. Аламүдүн айыл аймагынын Эрежелерин бузгандыгы үчүн юридикалык, кызматтык адамдардын жана жарандардын жоокерчилиги
5.1. Ушул Эрежени бузгандыгы үчүн Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык тартиптик, жарандык-укуктук жана жазык жоопкерчилиги белгиленет.
- жеке менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар жана ведомстволор ушул Эрежени бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылат.
- аймактын көрктөндүрүү, тазалык жана тартип менен камсыздоо Эрежесин бузгандыгы үчүн күнөлүү кызматтык адамдар жана жарандар Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 70-беренесине ылайык администрациялык жоопкерчиликке тартылат.
- жалпы колдонуудагы жерлерде (подъездерде, үйдүн жанындагы жерлерде ж.б.) санитардык эрежелерди сактоону бузгандыгы үчүн кызматтык адамдар жана жарандар Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 66-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартылат.
- белгиленбеген жайларда тиричилик таштандыларын ыргыткандыгы, өрттөгөндүгү үчүн кызматтык адамдар жана жарандар Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 71-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартылат.
Аламүдүн айылдык кенешинин
21-ноябрь 2019-жылы
№ 133 токтому менен бекитилген
Аламүдүн айыл аймагында
Жерди пайдалануу жана куруу эрежелери
Жалпы жоболор
1. Аламүдүн айыл аймагында жерди пайдалануу жана куруу эрежелери (мындан ары - Эреже) Аламүдүн айыл аймагынын Башкы планын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын жер кодексинин талаптарына жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
2. Ушул Эреже аймактын социалдык-экономикалык жана шаар курууну өнүктүрүүнүн, маданий мурастарды, курчап турган чөйрөнү коргоонун жана жерлерди сарамжалдуу пайдалануунун негизги багыттарын аныктайт, аймактык зоналарды, аймактарды пайдалануу регламенттерин, колдонуу жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тартибин белгилейт.
3. Ушул Эреже Аламүдүн айыл аймагында шаар куруу ишмердигин ишке ашыруучу, жөнгө салуучу жана контролдоочу мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, физикалык жана юридикалык жактар, кызмат адамдары тарабынан сакталууга милдеттүү.
4. Ушул Эрежеде төмөнкүдөй терминдер жана түшүнүктөр пайдаланылат:
жер участокторун уруксаттуу пайдалануунун көмөкчү түрлөрү - жер участокторун жана кыймылсыз мүлктөрдүн объектилерин уруксаттуу пайдалануунун ар бир зона үчүн көрсөтүлгөн негизги түрлөрүнө көмөкчү түрлөрү;
имараттар жана курулмалар - жер менен бекем байланышкан, өлчөөсүз зыян келтирбестен көчүрүү мүмкүн болбогон түрдүү курулуштар жана курулмалар, анын ичинде көп батирлүү үйдөгү батирлер, турак эмес жайлар;
шаар куруу документтери - райондук пландоо долбоорлоонун документтери, башкы пландар, чек салуунун, кварталдарды курулушунун, шаар куруу түйүндөрүнүн жана башка пландоочу түзүмдүн элементтеринин толук пландоо долбоорлору;
башкы план - аймакты өнүктүрүүнүн келечектүү шаар куруу багытында пландоо жөнүндө шаар куруу документтери;
шаар куруу иши (мындан ары - шаар куруу) - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аймактарды өнүктүрүүнү шаар куруу багытында пландоо жана жер участокторун пайдалануунун, кыймылсыз мүлк объектилерин долбоорлоонун, куруунун жана реконструкциялоонун түрлөрүн аныктоо жаатындагы мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жеке жана юридикалык жактардын иши;
шаар куруу регламенти – айыл аймагында жерди пайдалануу жана параметрлерин куруу, жер участокторун жана башка кыймылсыз мүлктүн объектилерин уруксаттуу пайдалануу түрлөрүнүн эрежелери, ошондой эле шаар куруу ишин жүзөгө ашырууда кыймылсыз мүлк объектилерине уруксат берилген өзгөрүүлөр менен белгиленген шаар куруу документтеринин жыйындысы;
кызыктар коомчулук – курулуш жана архитектурага тиешелүү маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу процесси аркылуу аралашуучу же бул процессте өз кызыкчылыгы бар коомчулук;
жер участогу - туташ чектелген жер аянты;
көп батирлүү үй алдындагы жер участогу - үйгө танапташ аймакты, анын ичинде бак-дарактарды, чарбалык, балдар жана спорт аянтчалары, тиричиликтик катуу калдыктарды чогултуу үчүн жабдылган аянтчаларды ичине алган участок жана чектери белгиленген тартипте кабыл алынган ченемдер менен аныкталган башка участоктор;
жерди пайдалануучу - жер участогун пайдалануу укугу берилген мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) өткөрүп берилген же өткөн жеке же юридикалык жак;
жерди мамлекеттик пайдалануучу - жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга алган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалары, мекемелери;
зона (регламенттик зона) - аймак, ага карата (жана тиешелүү түрдө ал жерде жайгашкан бардык жер участокторуна) колдонулуучу шаар куруу регламенти белгиленет;
коомчулук – бир же андан көп физикалык же юридикалык жак, коомдук уюмдар, бирикмелер;
коомдук угуулар – милдеттүү түрдө коомдук угууларды өткөрүү каралган ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык шаар куруучулук чечимдерди эл алдында талкуулоо үчүн ачык чогулуштарды өткөрүү аркылуу коомчулуктун мамлекеттик жана башкаруучулук чечимдерин кабыл алуу процесстерине катышуу укуктарын ишке ашыруу формаларынын бири;
укуктук зоналоо - айылдык калктуу конуштардын жерди пайдалануу жана куруу эрежелерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын иштери;
имарат куруу жана жерди пайдалануу эрежеси – шаар куруу регламенттерин жүргүзүү аркылуу мүлктөрдүн объектилерин пайдаланууну жана курулуштук өзгөртүүлөрдү жөнгө салуучу ченемдик укуктук акт;
жер участокторун жана башка кыймылсыз мүлк объектилерин уруксат берилген пайдалануу - калктуу конуштардын шаар куруу документтеринде жана жерди пайдалануу жана куруу эрежелеринде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана сервитутта белгиленген объектилерди пайдалануудагы чектөөлөргө, шаар куруу регламентине ылайык кыймылсыз мүлк обьекттерин пайдалануу;
сервитут - башка адамдын менчигинде же пайдалануусунда болгон жер участогун чектелген түрдө максаттуу пайдаланууга болгон адамдын укугу;
санитардык коргоо зонасы (СКЗ) – ишканаларды, алардын технологиялык процесстери бар, адам отурукташкан чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна таасир берүү булагы болуп саналган өзүнчө имараттарын жана курулмаларын турак жай курулуштарынан, ландшафттык-рекреациялык зонадан, эс алуу зоналарынан, курорттордон бөлүп туруучу аймак. Санитардык коргоо зонасы ар бир объектинин милдеттүү элементи болуп саналат, ал адамдын жашоосуна жана ден соолугуна таасир этүү булак болуп саналат;
санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдер – адам үчүн ал отурукташкан чөйрө факторлорунун коопсуздук жана (же) зыянсыздык критерийлерин жана анын жашоо-тиричилигин ыңгайлуу шарттарын камсыздоо талаптарын белгилөөчү акттар;
санитардык коргоо зонасынын чеги - санитардык коргоо зонасынын аймагын чектеген шарттуу тилке, анын чегинен тышкары таасир этүү факторлору белгиленген гигиеналык ченемдерден ашпайт;
санитардык ажырымдар – зыяндуу таасир булагынан турак жай курулушунун, ландшафтык-рекреациялык зонасынын, эс алуу зонасынын, курорттун чек арасына чейинки минималдуу аралык менен аныкталуучу ажырымдар;
булгануу зонасы – атмосферанын жердеги катмары чегине жеткен-чыдоого боло турган деңгээлден ашкан концентрациялардагы зыяндуу заттар менен булганышы мүмкүн болгон булгануу булагынын айланасындагы аймак;
объектинин кооптуулук классы – курчап турган чөйрөгө бөлүнүп чыгуучу, ызы-чуу, титирөөлөрдү, курчап турган чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизүүчү иондошпогон нурланууну жаратуучу зыяндуу заттардын кубаттуулугуна, колдонуу шарттарына, мүнөзүнө жана санына жараша белгиленүүчү объектинин категориясы;
өндүрүштүк объект – өндүрүмдөрдү өндүрүүгө, адамдардын отурукташкан чөйрөсүнө жана ден соолугуна таасир тийгизүү булагы болуп саналган жабдуулар жана технологиялар процесстерин пайдалануу менен ишке ашырылуучу жумуштарды аткарууга жана кызмат көрсөтүүлөргө байланышкан чарбалык ишмердик объектиси;
чарбактык турак-жай курулушу – жеке жер участокторундагы менчик турак үйлөр жыйнагы;
жер участокторун уруксаттуу пайдалануунун шарттуу түрлөрү – өкүлчүлүктүү органдын чечиминин негизинде шаар куруучулук иш кагаздарын эске алуу менен аныкталган жер участокторун жана кыймылсыз мүлк объектилерин пайдалануу түрлөрү.
2. Эреженин максаттары жана жөнгө салуу предмети
5. Ушул Эреже Аламүдүн айыл аймагында жерди пайдалануу жана курууларды жөнгө салуу тутутун киргизет.
6. Эреже төмөнкүдөй максатта иштелип чыкты:
- Аламүдүн айыл аймагындагы жерди пайдаланууну жана курууларды иретке келтирүүнү бекитүү жана камсыз кылуу;
- Аламүдүн айыл аймагынын туруктуу өнүгүүсү, курчап турган чөйрөнү жана маданий мурастар объектилерин коргоо үчүн шарттарды түзүү;
- физикалык жана юридикалык жактардын, ошондой эле жер участокторунун укук ээлеринин жана мүлктөрдүн объектилеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыздоо;
инвестицияларды тартуу үчүн, ошондой эле жер участокторунун жана мүлктөрдүн объектилерин уруксаттуу пайдалануунун бир кыйла натыйжалуу түрлөрүн тандоо мүмкүнчүлүгүн берүү жолу менен ыңгайлуу шарттарды түзүү;
жер участокторун пайдалануунун, ал жерлерге курууларды ишке ашыруунун, кыймылсыз мүлк объектилерин реконструкциялоонун эрежелери жана шарттары жөнүндө ачык маалымат берүүнү камсыздоо;
мамлекеттик же муниципиалдык менчикте турган жер участокторун берүү үчүн документтерди даярдоо;
жарандардын ден соолугун коргоого жана чыңдоого түрткү берүүчү жана алардын сергек жашоо образын өткөрүүгө уруксат берүүчү ыңгайлуу отурукташуу чөйрөсүн түзүү;
курулуштарды, кыймылсыз мүлк объектилерин реконструкциялоону ишке ашыруу;
курулган аймактарды, аймактарды комплекстүү өздөштүрүүнү өнүктүрүү;
жердин пайдаланышын контролдоо.
7. Ушул Эреже төмөнкүлөр боюнча ишмердикти жөнгө салат:
- физикалык жана юридикалык жактарга берүү үчүн мамлекеттик жана муниципиалдык жерлердин курамынан бөлүнүүчү шаар куруу жана архитектуралык-техникалык иш кагаздарын даярдоо;
- шаар куруу ишмердик маселелери боюнча коомдук угууларды өткөрүү;
- мамлекеттик же коомдук муктаждыктар үчүн жер участокторун камылгалоо жана алуу (сатып алуу), сервитуттарды бекитүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу үчүн шаар куруу жана архитектуралык-техникалык иш кагаздарын даярдоо;
- долбоордук иш кагаздарды макулдашуу;
- кыймылсыз мүлк объектилерин реконструкциялоо жана колдонууга берүүнү киргизүүгө уруксат берүү;
- жер участокторун пайдаланууну, кыймылсыз мүлк объектилеринин өзгөрүүлөрүн контролдоо.
8. Ушул Эреже төмөнкүлөр менен катар колдонулат:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык элдин ден соолугунун жана өмүрүнүн коопсуздугун, кыймылсыз мүлк объектилеринин ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыздоо, мүлктөрдү коргоо, курчап турган жаратылыш чөйрөсүн жана маданий мурас объектилерин сактоо максатында кабыл алынган техникалык регламенттер менен;
- Кыргыз Республикасынын жер участокторуна, курууларга, жерди пайдаланууга, долбоорлоштурууга, курууга укуктарды берүү, реконструкциялоого жана кыймылсыз мүлк объектилерин башка өзгөртүүлөргө, ошондой эле кыймылсыз мүлктөрдү колдонууга берүүнү жүргүзүү боюнча уруксат берүүчү документтерди берүү маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылары менен.
3. Маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо
9. Ушул Эреже өзүнүн курамына кирүүчү картографиялык жана башка документтерди камтуу менен физикалык жана юридикалык жактар үчүн ачык болуп эсептелет.
Аламүдүн айыл аймагы жана архитектура жана шаар куруучулук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган төмөнкүдөй жолдор менен ушул Эреже менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат:
Эрежени Аламүдүн айылдык кеңешинин, Аламүдүн айыл өкмөтүнүн жана архитектура жана шаар куруучулук боюнча ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштыруу;
Ушул Эрежеден көчүрмөлөрдү тариздөө боюнча, ошондой эле зарыл болгон көчүрмөлөрдү, анын ичинде жерди пайдалануу жана өзүнчө жер участокторуна колдонулуучу имарат куруулардын шарттарын мүнөздөөчү картографиялык документтердин жана алардын фрагменттеринин көчүрмөлөрүн даярдоо боюнча кызматтарды көрсөтүү.
4. Мурда пайда болгон укуктарга тиешелүү жобо
10. Ушул Эрежени колдонууга киргизүүгө чейин кабыл алынган Аламүдүн айылдык кеңешинин жерди пайдалануу жана куруу маселелери боюнча ченемдик укуктук актылар ушул Эрежеге каршы келбеген бөлүктөрүндө колдонулат.
11. Ушул Эреже колдонуу киргенге чейин физикалык жана юридикалык жактарга берилген кыймылсыз мүлк объектилерин курууга, реконструкциялоого жана башка өзгөртүүлөргө уруксат берүүчү жана архитектуралык-техникалык иш кагаздар анык болуп саналат.
12. Ушул Эрежени колдонууга киргизүүгө чейин же ушул Эрежеге өзгөртүүлөрдү киргизгенге чейин мыйзамдуу негизде болгон жер участоктору жана кыймылсыз мүлк объектилери ушул Эрежедин аймактарды пайдалануунун бекитилген регламентинин уруксаттуу пайдалануу түрлөрүнүн бөлүгүндө аталган объектилер төмөнкү учурларда шайкеш келбей турган болуп саналат:
- тиешелүү аймактык зона үчүн уруксат берилген пайдалануу түрү катары белгиленбеген учурда;
- тиешелүү зоналар үчүн уруксат берилген пайдалануу түрүнө ээ болсо, бирок тиешелүү объектилерди жайгаштыруу каралбаган аймакты пайдалануунун өзгөчө шарттары бар зоналардажайгашса;
- тиешелүү аймактык зоналарга карата ушул Эрежеде белгиленген азыраак же көбүрөөк маанидеги параметрлерге ээ болсо.
5. Шаар куруу иш кагаздарына карата Эреженин күчү
13. Ушул Эреже күчүнө киргенден кийин жергиликтүү бийлик органдарынын мурда иштелип чыккан ченемдик укуктук актылары ушул Эрежеге каршы келбеген бөлүктөрүндө колдонулат.
14. Зарыл болгон учурда, Аламүдүн айыл өкмөтү ушул Эреже күчүнө киргенден кийин төмөнкүдөй сунуш киргизе алат:
- шаарды өнүктүрүү жана шаар куруучулук кырдаалдарды өзгөртүүлөрдү эске алуу менен жаңы башкы планды иштеп чыгуу жөнүндө. Белгиленген тартипте бекитилген шаар куруучулук иш кагаздары ушул Эрежеге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө андан аркы сунуштарды даярдоого негиз болуп саналат.
6. Эрежеге шайкеш келбеген кыймылсыз мүлк объектилерин
пайдалануу жана өзгөртүү
15. Чектелген өлчөмдөрү (минималдуу же (жана) максималдуу) жана чектелген параметрлери шаар куруучулук регламентке ылайык келбеген уруксаттуу пайдалануу түрүндөгү жер участоктору жана кыймылсыз мүлк объектилери аларды шаар куруучулук регламентке ылайык келтирүү мөөнөтүн белгилөөсүз, эгер мындай жер участокторун жана кыймылсыз мүлк объектилерин пайдалануу адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн, курчап турган чөйрө, маданий мурастар объектилери үчүн кооптуу болгон учурлардан тышкаркы учурларда пайдаланылышы мүмкүн.
16. Кыймылсыз мүлк объектилеринин ушул Эрежеге шайкеш келбеген, аларды пайдалануунун түрлөрүн жана ургаалдуулугун, куруу параметрлерин өзгөртүү жолу менен ишке ашырылуучу бардык өзгөрүүлөрү аларды ушул Эрежеге ылайык келтирүү багыты боюнча гана жүргүзүлөт.
17. Көрсөтүлгөн объектилерди реконструкциялоо мындай объектилерди шаар куруу регламентине ылайык келтирүү же аларды уруксаттуу куруунун, реконструкциялоонун чектелген параметрлерине шайкеш келбестигин азайтуу жолу менен гана ишке ашырылышы мүмкүн.
18. Көрсөтүлгөн жер участокторун жана кыймылсыз мүлк объектилерин уруксаттуу пайдалануу түрлөрүн өзгөртүү аларды шаар куруу регламенти менен белгиленген жер участокторун жана кыймылсыз мүлк объектилерин уруксаттуу пайдалануу түрлөрүнө ылайык келтирүү жолу менен ишке ашырылышы мүмкүн.
19. Кыймылсыз мүлк объектилерин пайдалануу уланган учурларда жана адамдын өмүрү жана ден соолугу, курчап турган чөйрө, маданий мурастар объектилери үчүн кооптуу учурларда Аламүдүн айыл өкмөтү тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга чараларды кабыл алуу үчүн кабарлайт.
20. Жер участокторун өз алдынча ээлеп алуу, өз алдынча курулуштарды жүргүзүү, өз алдынча ээлеп алган жерлерди жана уруксатсыз курулуштарды пайдалануу себептеринен келип чыккан укуктук мамилелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
7. Жерди пайдаланууну жана курууларды ишке ашыруучу
физикалык жана юридикалык жактардын укуктары
21. Физикалык жана юридикалык жактар төмөнкүлөргө укуктуу:
- кыймылсыз мүлк объектилерин жаңыдан курууну жана башка багытта өзгөртүүнү ишке ашырууга жана башка өзгөртүүлөрдү жана аларды күнүмдүк колдонууга;
- ушул Эрежеге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө өтүнүүгө;
- жерди пайдалануу жана имарат куруу чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен тыюу салынбаган башка аракеттерди ишке ашырууга.
8. Жерди пайдалануу жана куруу боюнча комиссия
22. Жерди пайдалануу жана куруу боюнча комиссия (мындан ары -Комиссия) Аламүдүн айыл өкмөтүнө караштуу туруктуу иш алып барган кеңеш берүүчү коллегиялык орган болуп саналат жана ушул Эрежени ишке ашыруу үчүн түзүлөт.
23. Комиссия төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:
- ушул Эрежеге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды карап чыгууну камсыздайт;
- Аламүдүн айыл өкмөтү үчүн коомдук угуулардын жыйынтыктары боюнча, Аламүдүн айыл өкмөтүнүнүн жерди пайдаланууга жана курууга тиешелүү чечимдери боюнча физикалык жана юридикалык жактардын кайрылууларына байланыштуу талаш-тартыштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча сунуштарды даярдайт;
- ченемдик укуктук актылардын, ушул Эрежени ишке ашыруу жана колдонууга байланыштуу башка документтердин долбоорлорун даярдоо боюнча иштерди уюштурат;
- жер участогун пайдаланууга же кыймылсыз мүлк объектилерин өзгөртүүлөргө жана уруксат берилген курулуш иштеринин чектелген параметрлеринен пландаштырылган четтөөлөр болгон учурларда шарттуу уруксат берилген түрүнө уруксат берүүдө чечим кабыл алат;
- ага ушул Эреже менен жүктөлгөн башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
24. Комиссиянын персоналдык курамы Аламүдүн айыл өкмөтүнүн чечими менен бекитилет.
25. Комиссия анын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес шартсаны болгон учурларда жөнөкөй добуш берүүлөрдүн көпчүлүгү менен чечим кабыл алат. Добуштар тең болуп калган учурда Комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
26. Комиссиянын чечими протокол түрүндө таризделет жана Аламүдүн айыл өкмөтүнүн жана башка ыйгарым укуктуу органдардын тиешелүү аракеттерин ишке ашыруу үчүн негиз болуп саналат.
9. Жерди пайдаланууну жана курууну жөнгө салуучу органдар
27. Жерди пайдаланууну жана курууну жөнгө салуучу органдар болуп Аламүдүн айыл өкмөтү жана анын түзүмдүк жана аймактык бөлүкчөлөрү, архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу орган саналат.
28. Аламүдүн айыл кеңеши:
- Аламүдүн айыл өкмөтүнүн сунушу боюнча Эрежени бекитет, ага өзгөртүүлөрдү киргизет;
- жерди пайдаланууну жана курууну жөнгө салуу жаатында башка ыйгарым укуктарды Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ишке ашырат.
29. Аламүдүн айыл өкмөтү:
- Эреженин долбоорун даярдоо жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
- Комиссиянын персоналдык курамын жана иштөө тартибин бекитет;
- Эреженин долбоорун жана ага өзгөрүүлөрдү киргизүүнү Аламүдүн айыл кеңешине багыттоо же аны четке кагуу жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
- муниципиалдык муктаждыктар үчүн жерлерди камылгалоо жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
- жер участокторун мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алуу (сатып алуу) жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
- коомдук угуулардын жыйынтыгы боюнча жана Комиссиянын чечиминин негизинде төмөнкүдөй чечим кабыл алат:
а) жер участогун же кыймылсыз мүлк объектисин пайдалануунун шарттуу уруксат берилген түрүнө уруксат берүү же мындай уруксат берүүдөн баш тартуу тууралуу;
б) уруксат берилген курулуш иштеринин, кыймылсыз мүлк объектилерин реконструкциялоонун чектелген параметрлеринен четтөөгө уруксат берүү же мындай уруксат берүүдөн кабыл алынган чечимдин себептерин көрсөтүү менен баш тартуу тууралуу;
- жерди пайдаланууну жана курууну жөнгө салуу жаатындагы башка ыйгарым укуктарды Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ишке ашырат.
30. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн муниципиалдык жер участокторуна буйрутма, ээлик кылуу жана башкаруу функцияларын, анын ичинде Аламүдүн айыл аймагында жерди пайдаланууну жана курууну жөнгө салуу маселелерин ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу органы:
- өз компетенциясынын чегинде жер участокторун калыптоо, эсепке алуу жана башкаруу маселелери боюнча буйруктарды, тескемелерди чыгарат;
- муниципиалдык тапшырыкчынын кадастрдык иштерди өткөрүү функцияларын, мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн жер участокторун алуу, камылгалоо, ошондой эле Аламүдүн айыл аймагынын чек арасында жайгашкан жер участоктору менен бүтүмдөрдү жүргүзүү максатында жер участокторун көз карандысыз баалоону жүргүзүү боюнча иштерди аткарат;
- мамлекеттик жана муниципиалдык жерлер үчүн камылгалануучу жана (же) шаар куруу иш кагаздарынын негизинде мамлекеттик же коомдук муктаждыктар үчүн алынган жер участокторунун чек араларынын долбоорлорун макулдашууларды ишке ашырат;
- жер участокторун сатып алуу же тартып алуу доосу менен сотко кайрылат;
- жер участокторун алуу (сатып алуу), жер пайдалануучунун жер участогуна карата укугунун токтогондугу жөнүндө чечимдерди мамлекеттик каттоону камсыз кылат.
31. Аламүдүн районунун архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу органы:
- Аламүдүн айыл өкмөтүнүн тапшыруусу боюнча Эреженин долбоорун иштеп чыгат жана ага өзгөрүүлөрдү киргизет;
- коомдук угуулардын жыйынтыктары боюнча даярдалган иш кагаздарын Аламүдүн айыл өкмөтүнө бекитүү үчүн жөнөтөт же толук иштеп чыгуу үчүн четке кагат;
- Комиссиянын сурамдары боюнча ушул Эрежеге ылайык кароого чыгарылуучу маселелер боюнча корутундуларды берет;
- шаар куруучулук зоналаштыруунун картасын жүргүзүүнү, ага белгиленген тартипте бекитилген өзгөртүүлөрдү киргизүүнү ишке ашырат;
- шаар куруу кадастрын жүргүзүүнү ишке ашырат;
- Эреженин чектелген параметрлеринен четтөө мүмкүндүгү тууралуу Комиссиянын чечиминин негизинде корутунду чыгарат;
- кызыктар жактардын өтүнүчтөрүнүн негизинде Комиссиянын төмөнкү маселелер боюнча кароосуна материалдарды даярдоону ишке ашырат:

32. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн түзүмдүк жана аймактык бөлүкчөлөрү компетенцияларга ылайык ушул Эрежени колдонуу процессине катышышат, ошондой эле Комиссиянын сурамы боюнча корутундуларды, материалдарды жана башка маалыматтарды берет.
10. Аймактык зоналар.
Аймактык зоналардын чек араларын аныктоо.
Аламүдүн айыл аймагын укуктуу зоналоо картасы
33. Аймактык зоналардын чек аралары бир гана аймактык зоналардан ар бир жер участогунун таандык бирдей идентификациясынын зарылдыгын эске алуу менен аныкталат.
34. Аймактык зоналардын чек аралары төмөнкүлөр боюнча белгиленет:
- магистралдардын, көчөлөрдүн, өткөөлдөрдүн борбордук тилкелери;
- кызыл тилкелер;
- жер участокторунун чек аралары;
- Аламүдүн айыл аймагынын чек аралары;
- жаратылыш объектилеринин табигый чек аралары;
- башка чек аралар.
Шаарда шаар куруу регламенттеринин иштөө зоналары төмөнкүлөрдө белгиленген:
шаарды укуктуу зоналаштыруу картасында (1-тиркеме);
экологиялык шарттар боюнча чектөөлөрдүн иштөө зонасынын картасында (2-тиркеме);
тарых жана маданият эстеликтерин коргоо шарттары боюнча чектөөлөрдүн иштөө зонасынын картасында (3-тиркеме);
11. Аймактык зоналардын тизмеси жана сүрөттөлүшү
35. Укуктук зоналаштыруу картасында белгиленген зоналардын тизмеси:
Турак жай зоналары (Ж):
жогорку жыштыктагы чарбалык турак жай курулуштар зонасы (Ж-1);
аралаш көп кабаттуу курулуштары менен кичирайондор, кварталдар зонасы (Ж-2);
аралаш бийик турак курулуштары менен кичирайондор, кварталдар зонасы (Ж-3).
Коомдук-ишкердик зоналары (Д):
өндүрүштүк жана коммуналдык-кампалык ишканалар зонасы (П);
рекреациялык зона (Р);
жалпы колдонуудагы жашылдандыруу зонасы (Р-1);
атайын багыттагы жашылдандыруу зонасы (Р-2);
шаар сыртындагы токой парктарынын зонасы (Р-3).
Атайын зоналар (С):
саламаттык сактоо объектилеринин зонасы (С-1);
билим берүү, илим, дене тарбия жана спорт объектилеринин зонасы (С-2);
суу топтоо, жер астындагы резервуарлар, канализациялык жана тазалоо курулмаларынын зонасы (С-3);
көрүстөндөр зонасы (С-4);
дарыялар, магистралдык каналдар, көлмөлөр зонасы (С-5);
өзгөчө режим зонасы (С-6).
Тышкы жана шаар четиндеги транспорттор аймагынын зонасы (Т).
Өзгөчө кайтаруудагы курулуштар аймагынын зонасы (О).
12. Шаар куруу регламенттеринин курамы жана колдонуу тартиби
36. Ушул Эреже ар бир аймактык зона үчүн төмөнкүлөрдү караштырган шаар куруу регламенттерин бекитет:
а) уруксат берилген пайдалануунун түрлөрү:
- негизгилер;
- көмөкчүлөр;
- шарттуу уруксат берилгендер;
б) пайдалануунун уруксат берилген ар бир түрүнө шайкеш келген уруксат берилген курулуштун, кыймылсыз мүлк объектилерин реконструкциялоонун чектелген параметрлери, анын ичинде:
- анын чегинен ашып курулуш жүргүзүүгө тыюу салынган жер участокторунун чек араларынан объектилердин минималдуу чегинүүлөрү;
- жер астындагы кабаттардын чектелген (максималдуу, минималдуу) саны жана (же) кыймылсыз мүлк объектисинин чектелген (максималдуу) бийиктиги;
- магистралдык көчөлөрдүн кызыл тилкелерден минималдуу аралыгы.
37. Курчап турган жаратылыш чөйрөсүн коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу, экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана калктын саламаттыгын сактоо максатында чектөөлөр каралган зоналардын чегинде жайгашкан жер участокторуна, кыймылсыз мүлк объектилерине карата шаар куруу регламенттери ушундай чектөөлөрдү эске алуу менен колдонулат.
13. Коомдук угуулар
38. Коомдук угуулар адамдын жашоо-тиричилигинин ыңгайлуу шарттарына карата укуктарын, жер участокторунун жана кыймылсыз мүлк объектилеринин укуктуу ээлеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында кызыктар жактардын көз караштарын жана сунуштарын ачыктоо үчүн өткөрүлөт.
39. Коомдук угуулар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 24-январындагы №12-нпа буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы шаар куруу документтеринин коомдук угуулары жөнүндө жобого” ылайык өткөрүлөт.
14. Эрежеге өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесинин негизи жана укугу
40. Ушул Эрежеге өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн негиз болуп Аламүдүн айылдык кеңешинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өзгөртүүгө байланыштуу, ошондой эле Эрежеге кошумча техникалык регламенттерди киргизүү максатында, анын ичинде физикалык жана юридикалык жактардын демилгеси боюнча кабыл алынуучу тиешелүү чечими саналат.
41. Ушул Эрежеге өзгөртүүлөрдү киргизүү, аймактык зоналардын чек араларын жана шаар куруу регламенттерин өзгөртүү тууралуу маселени кароо үчүн негиз болуп физикалык жана юридикалык жактардын Эреже менен белгиленген төмөндөгү чектөөлөргө негиздерди камтыган табыштамасы саналат:
- кыймылсыз мүлк объектилерин натыйжалуу пайдаланууга уруксат бербейт;
- кыймылсыз мүлк объектилеринин наркынын ченеми келишпеген төмөндөтүүгө алып келет;
- конкреттүү аймакты коомдук өнүктүрүү кызыкчылыктарын ишке ашырууга тоскоол болот же бул кызыкчылыктарга зыян келтирет.
42. Ушул Эрежеге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелөө укугуна мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар, физикалык жана юридикалык жактар ээ. Аталган укук Аламүдүн айыл өкмөтүнө жана архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлүүчү тиешелүү сунуштарды даярдоо жолу менен ишке ашырылат. Келип түшкөн сунуштар боюнча чечимдер ушул Эрежеде каралган тартипте кабыл алынат.
15. Эрежеге өзгөртүүлөрдү киргизүү
43. Ушул Эрежеге өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгына негиздемени камтыган табыштама, ошондой эле тиешелүү сунуштар Аламүдүн айыл өкмөтүнө жана архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт.
44. Табыштамалар Эреженин текстинин түзүлүшүнө, жер участокторун жана кыймылсыз мүлк объектилерин пайдалануунун уруксат берилген түрлөрүнүн тизмесине, уруксат берилген курулуштардын параметрлерине, аймактык зоналардын чек араларына тийиштүү болушу мүмкүн.
45. Архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу орган коомдук угууларды өткөрүү тууралуу чечим кабыл алуу үчүн Комиссиянын кароосуна табыштамаларды берет.
46. Комиссия коомдук угууларды өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алган учурда ыйгарым укуктуу орган ушул Эреженин 41-44-пункттарына ылайык коомдук угууларды өткөрүү боюнча чараларды көрөт.
16. Жер участокторун жана кыймылсыз мүлк объектилерин пайдалануунун уруксат берилген түрлөрүн өзгөртүү
47. Жер участокторун жана кыймылсыз мүлк объектилерин пайдалануунун уруксат берилген түрлөрүн өзгөртүү физикалык жана юридикалык жактар тарабынан техникалык регламенттердин талаптарын сактоо шарттары менен шаар куруу регламентине ылайык ишке ашырылат.
48. Жер участокторун жана кыймылсыз мүлк объектилерин уруксат берилген пайдалануунун негизги жана көмөкчү түрлөрү жер участокторунун жана кыймылсыз мүлк объектилеринин укуктуу ээлери тарабынан мамлекеттик, муниципиалдык мекемелер жана ишканалардан тышкары кошумча уруксатсыз жана шаар куруу регламенттерине ылайык өз алдынча тандалат.
17. Жер участогун, кыймылсыз мүлк объектисин пайдалануунун шарттуу уруксат берилген түрүнө уруксат берүү тартиби
49. Жер участогун, кыймылсыз мүлк объектисин пайдалануунун шарттуу уруксат берилген түрүнө уруксат алууга кызыктар физикалык жана юридикалык жак архитектура жана шаар куру боюнча ыйгарым укуктуу органга арыз берет. Анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- жер участогунун же кыймылсыз мүлк объектисинин дареги, идентификациялык коду;
- колдонуудагы жана белгилене турган кыймылсыз мүлк объектилеринин жайгашкан орду, алардын мүнөздөмөлөрү (жалпы аянты, кабаттардын чектелген саны, ачык мейкиндик, автоунааларды токтотуучу жайлар жана башкалар);
- объектини ишке киргизүү үчүн зарыл болгон ниеттер жөнүндө маалыматтар;
- келүүчүлөрдүн пландаштырылган саны жана автоунаа токтоочу жайларга болгон керектөөлөр жөнүндө маалыматтар;
- арыз берүүчүнүн же ишенимдүү өкүлдүн паспорту же өздүгүн күбөлөндүрүүчү башка документинин көчүрмөсү.
50. Пайдалануунун шарттуу уруксат берилген түрүнө уруксат берүү тууралуу маселе коомдук угууларга таандык.
51. Комиссия пайдалануунун шарттуу уруксат берилген түрүнө уруксат берүү тууралуу маселени коомдук угуулардын жыйынтыктарынын негизинде пайдалануунун шарттуу уруксат берилген түрүнө уруксат берүү же мындай уруксат берүүдөн кабыл алынган чечимдин себептерин көрсөтүү менен баш тартуу тууралуу сунуштарды даярдайт жана коомдук угууларды өткөргөндөн кийин жети иш күнүнөн кеч эмес мөөнөттө сунуштарды Аламүдүн айыл өкмөтүнө жөнөтөт.
52. Комиссиянын оңдуу сунушунун негизинде Аламүдүн айыл өкмөтү жети иш күнүнүн ичинде пайдалануунун шарттуу уруксат берилген түрүнө уруксат берүү тууралуу чечим кабыл алат.
18. Кыймылсыз мүлк объектилерин курууга, реконструкциялоого уруксат берилген чектелген параметрлеринен четтөөгө уруксат берүү тартиби
53. Эгерде конфигурация, инженердик-геологиялык же башка мүнөздөмөлөр курууга ылайыксыз болсо, анда жер участокторунун укук ээлери уруксат берилген курулуштардын чектелген параметрлеринен, кыймылсыз мүлк объектилерин реконструкциялоодон четтөөгө уруксат алуу үчүн кайрылууга укуктуу.
54. Ушул Эреже менен белгиленген уруксат берилген кыймылсыз мүлк объектилерин курууда, реконструкциялоодо уруксат берилген чектелген параметрлерден четтөө болуп конкреттүү жер участогу үчүн уруксат берилген курулуштун чектелген параметрлеринен - шаар куруу регламентинде каралган имараттын бийиктигинен, участоктун чек арасынан имарттын чегинүүлөрүнүн жана башка параметрлеринин санкцияланган четтөөсү саналат.
55. Имараттын бийиктигине карата уруксат берилген курулуштун параметрлеринен, кыймылсыз мүлк объектилеринен 25 пайыздан көп эмес максималдуу четтөөгө уруксат берилет.
56. Уруксат берилген курулуштардын чектелген параметрлеринен, кыймылсыз мүлк объектилерин реконструкциялоодон четтөөгө уруксат алуу үчүн арыз архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу органга берилет жана төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- жер участогунун же кыймылсыз мүлк объектисинин дарегин, идентификациялык кодун;
- уруксат берилген курулуштардын чектелген параметрлеринен, кыймылсыз мүлк объектилерин реконструкциялоодо пландаштырылган четтөөлөр тууралуу маалыматты;
- уруксат берилген курулуштардын чектелген параметрлеринен, кыймылсыз мүлк объектилерин реконструкциялоодон чегинүүнү аныктоочу техникалык регламенттердин талаптарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык уруксат экендигине негиздемени;
57. Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
- арыз берүүчүнүн же анын ишенимдүү өкүлүнүн паспорту же өздүгүн күбөлөндүрүүчү башка документинин көчүрмөсү;
- жер участогуна жана/же кыймылсыз мүлк объектисине укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтердин көчүрмөлөрү;
- эскиздик долбоор.
58. Уруксат берилген курулуштардын чектелген параметрлеринен, кыймылсыз мүлк объектилерин реконструкциялоодон четтөөгө уруксат берүү тууралуу маселе коомдук угууларга таандык.
59. Комиссия уруксат берилген курулуштардын чектелген параметрлеринен, кыймылсыз мүлк объектилерин реконструкциялоодон четтөөгө уруксат берүү тууралуу маселени коомдук угуулардын жыйынтыктарынын негизинде уруксат берилген курулуштардын чектелген параметрлеринен, кыймылсыз мүлк объектилерин реконструкциялоодон четтөөгө уруксат берүү же мындай уруксат берүүдөн кабыл алынган чечимдин себептерин көрсөтүү менен баш тартуу тууралуу сунуштарды даярдайт жана коомдук угууларды өткөргөндөн кийин жети иш күнүнөн кеч эмес мөөнөттө сунуштарды Аламүдүн айыл өкмөтүнө жөнөтөт.
60. Комиссиянын оңдуу сунушунун негизинде Аламүдүн айыл өкмөтү жети иш күнүнүн ичинде уруксат берилген курулуштардын чектелген параметрлеринен, кыймылсыз мүлк объектилерин реконструкциялоодон четтөөгө уруксат берүү тууралуу чечим кабыл алат.
19. Шаар куруу регламенттери
61. Шаар куруу регламенти болуп уруксат берилген курулуштардын чектелген параметрлери (имараттардын бийиктиги, кабаттуулук, жер участокторунун чек араларынан курулуштардын чегинүүлөрү, шаар куруучулук жөнгө салуу тилкелеринен чегинүүлөр), кыймылсыз мүлк объектилерин өзгөртүү, ошондой эле жер участокторун жана кыймылсыз мүлк объектилерин пайдаланууну чектөөлөр эсептелет.
62. Жер участокторунун чек араларынан курулуштардын минималдуу чегинүүсү “Өрт коопсуздугун камсыздоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарын камсыз кылууну эске алуу менен эрежелердин жыйындысына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык кабыл алынат.
63. Шаар куруу жөнгө салуу тилкелеринен минималдуу чегинүү эрежелердин жыйындысына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык кабыл алынат.
64. Шаар куруу регламенттери төмөнкүлөрдү эске алуу менен белгиленет:
- жер участокторун укуктуу пайдаланууну жана аймакты натыйжалуу башкарууну;
- аймактык зоналардын чек араларындагы жер участокторун жана кыймылсыз мүлк объектилерин иш жүзүндөгү пайдаланууну;
- бир эле аймактык зонанын чегинде жер участокторун жана кыймылсыз мүлк объектилерин пайдалануунун болгон жана пландаштыруучу ар кандай түрлөрүн айкалыштыруу мүмкүнчүлүгүн;
- шаар куруу иш кагаздары менен аныкталган аймактык зоналарды жана аларды пландаштыруучу өнүгүүнүн мүнөздөмөсүн.
66. Шаар куруу регламентинин күчү шаар куруу зоналаштыруунун картасында белгиленген аймактык зоналардын чек араларынын чегинде жайгашкан бардык жер участокторуна жана кыймылсыз мүлк объектилерине бирдей өлчөмдө жайылат. Шаар куруу регламентинин күчү төмөнкүлөргө жайылбайт:
- маданий мурастар объектилеринин бирдей мамлекеттик жана жергиликтүү реестрине кирген тарыхый жана маданий эстеликтердин аймактарынын чек араларына;
- жалпы пайдалануудагы жерлерге;
- тилкелик объектилердин учатокторуна.
20. Жогорку жыштыктагы чарбалык турак жай куруу зонасынын шаар куруу регламенти
67. Жогорку жыштыктагы чарбалык турак жай куруу зонасы (мындан ары – Ж-1) жашоонун ыңгайлуулук деңгээлин жогорулатуу, жашоочулардын керектөөлөрүн камсыздоочу социалдык жана маданий-тиричиликтик тейлөөлөр чөйрөсүн өнүктүрүү, инженердик инфратүзүмдөрдүн зарыл болгон объектилерин жайгаштыруу үчүн шарттарды түзүү жана аймактарды көрктөндүрүү максатында жекече турак жай курулуштары болгон жана жаңы өздөштүрүлүүчү аймактар үчүн бөлүнгөн.
68. Т-1 зонасынын аймагында жайгашкан жер участоктору жана кыймылсыз мүлк объектилери үчүн 1-таблицада көрсөтүлгөн уруксат берилген пайдалануунун негизги түрлөрү аныкталган.
69. Т-1 зонасынын аймагында жайгашкан жер участоктору жана кыймылсыз мүлк объектилери үчүн 2-таблицада көрсөтүлгөн пайдалануунун көмөкчү түрлөрү аныкталган.
70. Т-1 зонасынын аймагында жайгашкан жер участоктору жана кыймылсыз мүлк объектилери үчүн 3-таблицада көрсөтүлгөн пайдалануунун шартуу уруксат берилген түрлөрү аныкталган.
1-таблица
Ж-1 зонасынын аймагында жайгашкан жер участоктору жана кыймылсыз мүлк объектилери үчүн уруксат берилген пайдалануунун негизги түрлөрү:
№
| Пайдалануунун түрлөрү | Параметрлер | Пайдалануунун параметрлери |
1 | Жеке турак үйлөрү | 3 | Кабаттардын чектелген саны |
12 м | Имараттын чектелген бийиктиги | ||
2 | Аз кабаттуу турак жай курулушундагы блоктолгон үйлөр | 3 | Кабаттардын чектелген саны |

3 | Балдардын мектепке чейинки билим берүү объектилери | 3 | Кабаттардын чектелген саны |

4 | Баштапкы жана орто жалпы билим берүү объектилери | 4 | Кабаттардын чектелген саны |
15 м | Имараттын чектелген бийиктиги | ||
5 | СКЗ бар объектилерден тышкары, чекене соода объектилери | 2 | Кабаттардын чектелген саны |
8 м | Имараттын чектелген бийиктиги | ||
6 | СКЗ бар объектилерден тышкары, калкты турмуш-тиричиликтик тейлөө объектилери | 2 | Кабаттардын чектелген саны |

7 | Тегиздик объектилеринен жана СКЗ бар объектилерден тышкары, дене тарбия жана массалык спорт объектилери | 2 | Кабаттардын чектелген саны |

8 | СКЗ бар объектилерден тышкары, амбулатордук-бейтапканалык объектилер, дарылоо-профилактикалык уюмдар | 2 | Кабаттардын чектелген саны |

9 | Дарыканалар | 2 | Кабаттардын чектелген саны |

10 | Административдик багыттагы объектилер | 2 | Кабаттардын чектелген саны |

11 | Мейманканалар | 3 | Кабаттардын чектелген саны |

12 | Иштиктүү жана коммерциялык багыттагы кеңселик объектилер | 3 | Кабаттардын чектелген саны |
12 м | Имараттын чектелген бийиктиги |
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-ноябры № 133-27
Муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин эрежелерин бекитүү жөнүндө
(Аламүдүн айылдык кеңешинин 2022-жылдын 16- июнундагы № 80-28 токтомунун редакциясына ылайык)

18. Жарандардын жана юридикалык жактардын жер участокторун жана кыймылсыз мүлк объекттерин уруксат берилген пайдалануунун түрлөрүн курулуш жүргүзүү ниетине өзгөртүү жана аларга менчик, ижара, туруктуу жана убактылуу пайдалануу укугунда таандык болгон кыймылсыз мүлктүн түрлөрүн/максатын өзгөртүүгө байланыштуу арыздарын кароодо жер, турак жай жана шаар куруу мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларын, ушул жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин, шаар куруу (аймактык) зоналаштырууну, шаар куруу регламентин жана техникалык регламенттерди жетекчиликке алуу керек.
Жер участогун пайдалануунун уруксат берилген түрлөрү негизги, шарттуу уруксат берилген жана көмөкчү болуп бөлүнөт. Пайдалануунун уруксат берилген түрүн өзгөртүүнүн тартиби жер участогунун категорияларынын бирине жана/же түрүнө таандыктыгына жараша болот.
Жер участогун пайдалануунун шарттуу уруксат берилген түрүн өзгөртүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынан уруксат алуу талап кылынат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы курулуш ниетине жана кыймылсыз мүлктүн түрлөрүнүн/багытынын өзгөрүшүнө байланыштуу жер участокторун жана кыймылсыз мүлк объекттерин пайдалануунун уруксат берилген түрлөрүн өзгөртүү боюнча жарандардын жана юридикалык жактардын арыздарын карайт жана айылдык кеңеш тарабынан бекитилген муниципалдык менчикти башкаруу тартибин эске алып чечим кабыл алат.
Жер участогун пайдалануунун уруксат берилген түрү жөнүндө маалымат Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде (КМРР) камтылат. Бул жер участогунун кошумча мүнөздөмөсү. Аталган аймактык зона үчүн пайдалануунун уруксат берилген түрлөрүнүн тизмесин шаар куруу регламентинен билүүгө болот.
Аталган регламент аймактык зонанын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен пайдалануунун уруксат берилген түрүн белгилениши жана участокту пайдалануунун ар кандай түрлөрүнүн айкалышы каралышы мүмкүн.
Пайдалануунун түрүн өзгөртүүнүн жол-жобосу (атап айтканда, тартиби, мөөнөтү, документтердин тизмеси) шаар куруу регламентинде аныкталышы мүмкүн.
Эгерде жерге шаар куруу регламенти белгиленбесе, участокту пайдалануунун уруксат берилген түрүн өзгөртүү Жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын атайын комиссиясына кайрылуу жолу менен жүргүзүлөт.
Төмөнкү учурларда жер участогун пайдалануунун уруксат берилген түрүн өзгөртүү мүмкүн эмес:
- ижарачынын талабы боюнча - эгерде ижара келишими муниципалдык менчикте турган участок үчүн түзүлсө;
- жерди пайдалануучу өз алдынча - эгерде участок пайдалануунун белгилүү бир түрү үчүн менчикке/ижарага берилсе;
- эгерде пайдалануунун суралып жаткан түрү үчүн шаар куруу ченемдеринде, шаар куруу (аймактык) зоналарга бөлүштүрүүдө, Жерди пайдалануу жана курулуш эрежелеринде пайдалануунун уруксат берилген ушул түрүнө ылайык иш жүргүзүүгө жол бербеген өлчөмдөрдүн жана параметрлердин чеги белгиленсе.
Көмөкчү түрүн негизги жана шарттуу уруксат берилгенине гана кошумча тандоого болот. Аны пайдалануунун уруксат берилген негизги түрүнүн ордуна белгилөөгө тыюу салынат.
Пайдалануунун шарттуу уруксат берилген түрүн өзгөртүү үчүн жер участогун пайдалануунун жаңы шарттуу уруксат берилген түрүнө уруксат алуу керек.
Ушул Эрежелердин ушул пунктунда аталган учурлардан башка бардык учурларда жер участогунун менчик ээси/ижарачысы, инвестор (заказчы) же анын ыйгарым укуктуу өкүлү жер участогун пайдалануунун уруксат берилген түрүн өзгөртүү үчүн арызды жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына жиберет. Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
- Жер участогунун планын, жер участогунда жайгашкан кыймылсыз мүлк объектине укук ырастоочу документтерди кошо алганда, жер участогуна менчик же пайдалануу укугуна укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документи;
- участокту пайдалануунун уруксат берилген түрүнүн кыскача сыпаттамасы, объекттердин багыты, пайдалуу аянты, унаа токтотуучу жайлардын саны, талап кылынган инженердик камсыздоонун жүктөмү, курулуш жүргүзүү ниеттери;
- инженердик тармактарды жана курулмаларды эксплуатациялоочу тиешелүү райондук кызматтар тарабынан берилген инженердик тармактарга кошуунун болжолдуу техникалык шарттары (бар болсо).
Жер участогун пайдалануунун уруксат берилген түрүн өзгөртүүгө даярдык көрүү стадиясында инженердик тармактарга кошууга техникалык шарттар алынбаган учурда, арызда долбоорлонгон объектти тиешелүү кызматтардын инженердик-техникалык тармактарына кошуу үчүн шарттарды чогултууга тапшырма камтылышы мүмкүн.
Жер участогун пайдалануунун уруксат берилген түрүн өзгөртүү боюнча иштердин баасы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленген тартипте бекитилген прейскурант менен аныкталат жана менчик ээси, инвестор (заказчы) же анын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан төлөнөт.
Долбоордук документтердин материалдарынын курамы, макулдашуучу органдардын тизмеси, макулдашуу предмети жана мөөнөттөрү долбоорлонуучу объекттердин түрлөрүнө, алардын тигил же бул зонада жайгашканына карата жекече ылайыктап белгиленет. Бул маалыматтар ченемдик укуктук актыларда, техникалык ченемдик документтерде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларында аныкталат.
Жер участогун пайдаланунун уруксат берилген түрүн өзгөртүү боюнча даярдалган документтер курулушка уруксат алуу же курулушка өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн арызга тиркеме катары райондук архитектурага берилет. Тиешелүү райондун архитектура жана шаар куруу органы арызды каттайт жана тиешелүү корутундуларды берүү формасында жүргүзүлүшү мүмкүн болгон документтерди макулдашуу үчүн тиешелүү органдарга суроо-талаптарды жөнөтөт.
Тиешелүү райондун архитектура жана шаар куруу органы жалпы зоналык макулдашуу жүргүзөт - документтердин шаар куруу регламенттерине, Жер участогунун бекитилген жана ырасталган планына, ошондой эле коомдук угуунун жыйынтыгы боюнча белгиленген атайын макулдашуунун шарттарына шайкештигин текшерүүнү ишке ашырат.
Долбоорлонуп жаткан курулуштун, реконструкциялоонун жер участогу экологиялык шарттар боюнча чектөөлөрдүн аракеттенүү зоналарынын карталарында бөлүнгөн зоналардын чегинде жайгашкан учурда, долбоордук документтерди макулдашууга райондун санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдары катышат. Бул учурларда документтерди макулдашуунун предмети болуп анын ушул Эрежелердин жоболоруна жана башка ченемдик укуктук актыларга шайкештиги саналат.
Райондун инженердик-техникалык кызматтары долбоордук документтерди ушул кызматтар менен кыймылсыз мүлктүн ээсинин ортосунда документтерди иштеп чыгууга чейин же иштеп чыгуу процессинде берилген же түзүлгөн жер участогун пайдалануунун уруксат берилген ишке ашыруунун техникалык шарттарын камсыз кылуу боюнча техникалык шарттарга же келишимдерге шайкештигин текшерет.
Долбоордук документтерди өрт көзөмөлүнүн органдары, райондун мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдары, башка органдар ченемдик укуктук актыларга, техникалык ченемдик документтерге ылайык макулдашат.
Ушул Эрежелерде, башка ченемдик укуктук актыларда жана техникалык ченемдик документтерде белгиленген макулдашуунун предметине долбоордук документтердин шайкеш эместиги гана макулдашуудан баш тартуу үчүн негиз болушу мүмкүн. Мындай шайкеш эместиктер болгон учурда долбоордук документтер аларды четтетүү үчүн арыз ээсине кайтарылып берилет.
Курулушу мамлекеттик же жергиликтүү бюджеттен толук же жарым-жартылай каржыланган объекттерди долбоорлоого байланышкан учурларда жер участогун пайдалануунун уруксат берилген түрүн өзгөртүү боюнча документтер архитектура жана шаар куруу органына караштуу шаар куруу кеңешинде каралууга тийиш. Шаар куруу кеңеши жер участогунун уруксат берилген түрүн өзгөртүү боюнча документтерди макулдашуу процесси башталганга чейин жүргүзүлөт.
Ушул Эрежелерде белгиленген мүнөздөмөлөрдөн тышкары, шаар куруу кеңеши кошумча мүнөздөмөлөрдү - долбоорлонуучу объекттин үнөмдүүлүгүн, пайдалануунун функционалдык ыңгайлуулугун жана архитектуралык-көркөмдүк өзгөчөлүктөрүн карай алат.
Макулдашылган документтер ченемдик укуктук актыларда жана техникалык ченемдик документтерде аныкталган тартипте экспертизалоого тийиш