Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2024-жылдын 1-апрелиндеги ПЖ № 86 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

2005-жылдын 25-майы ПЖ № 200

 Кыргыз Республикасындагы саясий мамлекеттик кызмат жөнүндө

(КР Президентинин 2013-жылдын 18-ноябрындагы ПЖ № 217 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзам актылары кабыл алынганга чейин саясий мамлекеттик кызматты уюштуруунун негиздерин жөнгө салуу максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

 1. Төмөнкүлөр белгиленсин:

 - саясий мамлекеттик кызмат - бул Кыргыз Республикасынын саясий мамлекеттик кызматчыларынын мамлекеттин ички жана тышкы саясатын аныктоо жана жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча акы алуу менен жана кесиптик негизде аткарган иши;

 - саясий мамлекеттик кызматчы - бул иш-аракети саясий-аныктоочу мүнөзгө ээ ыйгарым укуктар берилген саясий мамлекеттик кызмат ордун ээлеген Кыргыз Республикасынын жараны.

 2. Төмөнкүлөр аныкталсын:

 - саясий мамлекеттик кызмат орундарына Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөсүнүн кызмат орундары жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестринин атайын бөлүгүндө каралган башка кызмат орундары кирет;

 - саясий мамлекеттик кызматка кирүү Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдарында каралган тартипте жана учурларда саясий мамлекеттик кызмат ордуна шайлоо же дайындоо жолу менен жүзөгө ашырылат;

 - саясий мамлекеттик кызматчы Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары менен белгиленген тийиштүү ыйгарым укуктарга, милдеттерге жана укуктарга ээ болот;

 - эгерде Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары менен башкасы каралбаса, саясий мамлекеттик кызматка кирген адамдын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырышынын башталышы деп анын саясий мамлекеттик кызмат ордуна дайындалган же шайланган күнү саналат;

 - саясий мамлекеттик кызматчынын ага жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы. өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын ашырып жибергендиги, эмгек тартибин бузгандыгы, мамлекеттик кызматчынын этикасынын ченемдерин бузгандыгы, антын (касамын) бузгандыгы, ошондой эле анын мамлекеттик кызматта болгондугуна байланыштуу мыйзам менен белгиленген чектөөлөрдү сактабагандыгы үчүн ага карата мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри же өзү кызмат ордуна дайындаган же шайлаган адамдарга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тартип жазасы колдонулушу мүмкүн;