Сравнение редакций…
2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 24-декабрындагы ПЖ № 253 Жарлыгына |
Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет (мындан ары - Комитет) Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү, инвестициялык жагымдуулук шарттарын жогорулатуу үчүн ылайыктуу шарттарды камсыз кылууга багытталган мамлекеттик саясатты түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга бизнес-коомчулуктун, илимий чөйрөнүн өкүлдөрүн тартуу максатында түзүлгөн.
2. Комитеттин негизги милдети Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү, инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу үчүн ылайыктуу шарттарды түзүү маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгуу болуп саналат.
3. Комитет өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-ноябрындагы № 251 "Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
2. Комитеттин функциялары жана укуктары
4. Комитеттин функциялары:
1) өнөр жай жана ишкердик чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты талдоо, мониторинг жүргүзүү жана баалоо;
2) төмөнкү маселелер боюнча сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгуу:
- өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүү жана модернизациялоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат, өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүүнү колдоо чаралары;
- ишкердикти мамлекеттик жөнгө салууну оптималдаштыруу;
- региондордун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана экспорттук потенциалын көтөрүү;
- улуттук инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү.
5. Комитет төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде актуалдуу маселелерди кароо боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарды, улуттук жана эл аралык эксперттерди, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн жана илимий чөйрөнүн, ошондой эле бизнес коомчулуктун өкүлдөрүн тартуу менен жумушчу топторду түзүүгө;
2) тийиштүү сунуштамаларды жана сунуштарды кабыл алууга жана аларды Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешке, мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына киргизүүгө;
3) бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү маселелери боюнча комиссиялардын жана жумушчу топтордун ишине белгиленген тартипте катышууга;
4) жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн зарыл маалыматты жана документтерди мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан белгиленген тартипте суроого жана алууга, буга мамлекеттик жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды камтыган документтер кирбейт.
3. Комитеттин курамы жана аны түзүү тартиби
6. Комитеттин жеке курамын Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин катчылыгынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти бекитет.
7. Комитетти Кыргыз Республикасынын Президенти жетектейт. Комитеттин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун, илимий-академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер кирет.
8. Комитеттин мүчөлөрү өз ишин коомдук башталышта жүргүзөт.
4. Комитеттин ишин уюштуруу
9. Комитеттин жыйналышын төрага жетектейт. Комитеттин төрагасы жок болгон учурда анын тапшырмасы боюнча анын орун басары Комитеттин төрагасынын милдеттерин аткарат.
10. Комитеттин жыйналышы зарылдыгына жараша өткөрүлөт.
11. Комитеттин жыйналыштарынын күн тартиби Комитеттин жыйналышында бекитилген учурдагы жыл үчүн иш планга ылайык түзүлөт. Зарыл болгон учурда Комитеттин мүчөлөрү күн тартибинин долбооруна кошумча маселелерди киргизе алат.
12. Эгерде Комитеттин мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса, Комитеттин жыйналышы мыйзамдуу болуп эсептелет.
13. Боло турган жыйналыштын күн тартибинин долбоору жана материалдары жыйналыш башталганга чейин кеминде 3 жумушчу күн калганда Комитеттин мүчөлөрүнө жиберилет.
14. Комитеттин чечими жыйналышка катышкан мүчөлөрдүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен таризделип, ага төрага кол коёт. Добуш берүүдө добуштар тең болгон учурда Комитеттин төрагасынын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
15. Комитеттин мүчөлөрү өздөрүнүн ыйгарым укуктарын үчүнчү жактарга бере албайт.
5. Комитетти уюштуруучулук-методикалык, техникалык жана финансылык камсыздоо
16. Комитеттин ишин уюштуруучулук-методикалык жана техникалык камсыздоону Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин катчылыгы ишке ашырат.
17. Комитеттин ишин финансылык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын бюджетинин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
КР Президентинин 2021-жылдын 8-июлундагы ПЖ № 293 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ