Редакцияот 27.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ХХVII-чакырылышынын кезексиз 6- сессиясы

 

2017-жылдын 27-марты № 6/4

Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылдын бюджетинин планына шарттуу мал башына чыккан салыктын тарифин бекитүү жөнүндө

1 .Дөбөлү айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылдын бюджетинин планына мал башына чыккан салыктын тарифин бекитүү максатында Дөбөлү айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Дөбөлү айыл амагындагы жайыттын жалпы аянты 17096 га жайыт жерди жайыт пайдалануучулар үчүн малдардын тарифи төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.

-Ири мүйүздүү уйларга-46 сомдон;

 -Торпок,музоолорго-32 сомдон;

 -Жылкыларга-46 сомдон;

 -Кулундарга-32 сомдон;

 -Кой-эчкилерге-9 сом.

2.Мал башына чыккан салык жыйымдардын төлөмдөрүн чогултуу жагы Жайыт комитетинин төрагасы жана бухгалтерине тапшырылсын.

 

Төрага

А. Бектемиров