Сравнение редакций…
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы ПЖ № 179 Жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын "Ак Шумкар" өзгөчө белгисинин, ордендеринин, медалдарынын, ардак наамдарына жана Ардак грамотасына төш белгилердин техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө
ЖОБО
Кыргыз Республикасынын "Ак Шумкар" өзгөчө белгисинин, ордендеринин, медалдарынын, ардак наамдарына жана Ардак грамотасына төш белгилердин техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын "Ак Шумкар" өзгөчө белгисинин, ордендеринин, медалдарынын, ардак наамдарына жана Ардак грамотасына төш белгилердин (мындан ары - мамлекеттик сыйлыктар жана төш белгилер) техникалык мүнөздөмөлөрүн жана алардын сапатына талаптарды камтыйт.
1. Мамлекеттик сыйлыктарга жана төш белгилерге жалпы талаптар
1. Мамлекеттик сыйлыктар жана төш белгилер тышкы көрүнүшү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 27-ноябрындагы № 164 "Ак Шумкар" өзгөчө белгисинин, ордендердин, медалдарын, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарына жана Ардак грамотасына төш белгилердин сүрөттөлүштөрүн бекитүү жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген сыпаттамаларына, ошондой эле ушул Жобонун тиркемесине ылайык алардын техникалык эскиздерине дал келиши керек.
2. Мамлекеттик сыйлыктардын жана төш белгилердин деталдарынын өлчөмдөрү, материалдары, массасы жана салмагы ушул Жобонун 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн параметрлерге ылайык келүүгө тийиш. Ар бир деталдын өлчөмүндөгү жана салмагындагы көбөйүү же азаюу жагына четтөө чектери ушул Жободо белгиленген ченемдерден ашпашы керек.
3. Мамлекеттик сыйлыктардын жана төш белгилердин катар номери болууга тийиш.
2. Мамлекеттик сыйлыктардын жана төш белгилердин техникалык мүнөздөмөлөрү
4. "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси.
"Ак-Шумкар" өзгөчө белгиси алтындан жана күмүштөн жасалат.
"Ак-Шумкар" өзгөчө белгисинин деталдарынын өлчөмү, материалдары, массасы жана салмагы, алардын четтөө чектери төмөндө келтирилген таблицада көрсөтүлгөн.
Деталдын аталышы | Контролдук параметрлер | Номиналдуу өлчөмдөр, мм | Четтөө чектери, мм | Материалдын аталышы | Массасы, г | Четтөө чектери, г |
Негизи | Сыпатталган айлананын диаметри | 40,0 | ±0,5 | Алтын 585-пробада | 23,5 | ±0,6 |
Бийиктиги көзөнөгү менен | 41,5 | ±0,5 |
|
| ||
Калып | Бийиктиги | 16,0 | ±0,2 | Алтын 585-пробада | 6,6 | ±0,2 |
Кеңдиги | 28,0 | ±0,3 |
|
|
| |
Милте боюнча калыңдыгы | 2,0 | ±0,05 |
|
|
| |
Бириктирүүчү звенолор (3 даана) | Узундугу (1, 3) | 8,0 | ±0,2 | Алтын 585-пробада | 0,6 | ±0,05 |
Кеңдиги (1, 3) | 6,0 | ±0,2 |
|
| ||
Узундугу (2) | 7,0 | ±0,2 |
|
| ||
Кеңдиги (2) | 5,0 | ±0,2 |
|
| ||
Зымдын диаметри | 1,5 | ±0,05 |
|
| ||
Каптама үчүн штифт (3 даана) | Зымдын диаметри | 1,0 | ±0,05 | Алтын 585-пробада | 0,6 | ±0,05 |
Алтын 585-пробада | 31,3 | ±0,9 | ||||
Каптама | Бийиктиги | 20,0 | ±0,3 | Күмүш 925-пробада | 4,4 | ±0,2 |
Кеңдиги | 19,0 | ±0,2 |
|
| ||
Калыңдыгы | 1,5 | ±0,05 |
|
| ||
Төөнөгүчтүн астындагы пластинка | Узундугу | 12,0 | ±0,2 | Күмүш 925-пробада | 0,7 | ±0,05 |
Кеңдиги | 7,0 | ±0,2 |
|
| ||
|
|
|
|
| ||
Ширетме |
|
| Күмүш ширетме | 0,25 |
| |
Күмүш 925-пробада | 5,35 | ±0,25 | ||||
Деталдардын каптоосу | Алтын жалатылган катмардын калыңдыгы, мкм | 5,0 | ±0,5 | Алтын 999-пробада | 0,5 | ±0,05 |
Төөнөгүч | Зымдын диаметри | 0,6 | ±0,05 | Көмүртектүү серпилгич болот | ±0,15 | |
Декоративдик жасалга |
|
| Эмаль, түсү - рубин | |||
Өзгөчө белгинин орточо салмагы | 36,65 | ±1,3 | ||||
"Ак-Шумкар" өзгөчө белгисинин тышкы көрүнүшү жана анын геометриялык параметрлери ушул Жобонун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн.
5. I даражадагы "Манас" ордени.
КР Президентинин 2025-жылдын 10-июлундагы ПЖ № 203 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы ПЖ № 179 Жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын "Ак Шумкар" өзгөчө белгисинин, ордендеринин, медалдарынын, ардак наамдарына жана Ардак грамотасына төш белгилердин техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө