Редакцияот 29.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айыл Кеңешинин депутаттарынын VII-чакырылышынын кезексиз V-сессиясы

 

2017-жылдын 29-марты № 3

“Өз алдынча таза сууну буруп алган атуулдарга көрүлүүчү чаралар жөнүндө”

Кара-Суу айыл Кенешинин депутаттарынын VII-чакырылышынын кезексиз V-сессиясы,

экология, айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өз алдынча, уруксаты жок таза сууну буруп алгандарга административдик айып салынаары белгиленсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөтүнүн башчысы С.Тууганбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Чалыбаев