Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2021-жылдын 29-январы ПЖ № 5
Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө
(КР Президентинин 2026-жылдын 2-октябрындагы № 340 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын экономикасынын эң маанилүү тармагы кен казуу өнөр жайы болуп саналат, ал жетишсиз натыйжалуулугу жана курчап турган чөйрөгө абдан терс таасир тийгизгендиги менен мүнөздөлөт. Бул жагдайлар аталган тармактын өнүгүүсүн камсыз кылуучу институционалдык, укуктук жана финансылык механизмдердин төмөн жөнгө салынышы менен байланышкан. Ушуга байланыштуу аны башкаруу системасында түп-тамырынан бери реформалоонун курч зарылдыгы келип чыкты.
Кен казуу өнөр жайынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, укуктук жөнгө салуунун айкын системасын түзүү, анын потенциалын ачуу, калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана курчап турган чөйрөгө тийгизген таасирди азайтуу, ошондой эле жагымдуу инвестициялык климатты түзүү жана Кыргыз Республикасынын мындан аркы экономикалык өсүүсүнүн мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталсын:
(Абзац КР Президентинин 2026-жылдын 2-октябрындагы № 340 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
(Абзац КР Президентинин 2026-жылдын 2-октябрындагы № 340 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
(Абзац КР Президентинин 2026-жылдын 2-октябрындагы № 340 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- пайдалуу кен чыккан жерлерди мыйзамсыз казууга контролду күчөтүү, анын ичинде лицензиялык контролдоо, жер казынасын сарамжалдуу пайдаланууну, өнөр жайлык жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу; экологиялык коопсуздуктун эл аралык стандарттарын ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароо;
- экономикалык жактан келечеги бар кен чыккан жерлерди аныктоо үчүн геологиялык маалыматтардын аудитин жүргүзүү, ошондой эле жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участкаларынын реестрин кеңейтүү;
- геологиялык чалгындоо ишине дем берүү жана жаңы кен чыккан жерлерди ачуу менен алардын андан аркы узак мөөнөттүү өнүгүшү үчүн база түзүү боюнча натыйжалуу чараларды кабыл алуу; пайдалуу кендердин запастары боюнча отчеттуулуктун эл аралык стандартынын системасын киргизүүнүн мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу;
- Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерин сактоо менен кен компанияларынын жана подряддык уюмдардын персоналынын жалпы штаттык санынын 90%дан кем эмесин Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасынан жалдоону камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерин сактоо менен товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн 80%дан кем эмесинин, мындай товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлбөгөн учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасы аймагында сатылып алынышын камсыз кылуу;
- кен компанияларынан фонддорго, республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге келип түшкөн финансы каражаттарын бөлүштүрүүнүн сарамжалдуулугун, натыйжалуулугун жана ачыктыгын санарип платформалар аркылуу камсыз кылуу;
- 2021-жылдын 1-сентябрына чейин коррупциялык тобокелдиктерди болтурбоо үчүн кен пайдаланууга жана кен пайдалануучулар жүргүзгөн тышкы экономикалык ишке укукту электрондук лицензиялоо механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү;
- 2021-жылдын 1-майына чейин кен пайдалануу чөйрөсүндө уруксат берүүчү жана башка документтерди берүүнү санариптештирүү үчүн "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы боюнча маалыматтарды алмашууну камсыз кылуу; кен пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын электрондук кызмат көрсөтүүлөрүнүн мамлекеттик порталына жайгаштыруу;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрүү, ошондой эле бул Жарлыкты ишке ашыруу боюнча аткарылуучу ишти кеңири чагылдыруу.
(КР Президентинин 2026-жылдын 2-октябрындагы № 340 Жарлыгынын редакциясына ылайык)