Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 4-майы ПЖ № 113
Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө
(КР Президентинин 2024-жылдын 26-февралындагы ПЖ № 37 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участкасында болгон окуялардын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун чек арадагы айылдарын тез арада калыбына келтирүү, ошондой эле жарандардын жашоо-турмушу, уюмдар, мекемелер жана ишканалар үчүн зарыл шарттарды түзүү боюнча жардам көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участкасында болгон окуялардын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия (мындан ары - Комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Комиссия:
- төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө киргизсин:
2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участкасында болгон окуялардын кесепетинен жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана юридикалык жактардын, анын ичинде Баткен облусунун ишкердик субъекттеринин менчигине келтирилген зыянды баалоо жана аларга компенсацияларды төлөп берүү боюнча тартиптин долбоорун;
2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участкасында болгон окуялардын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын долбоорун;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин катышуусу менен кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында болгон чыр-чатактын убагында жабыр тарткан жарандардын, курман болгон, дайынсыз жоголгон, дене-боюна жаракат алган, турак жайынан айрылган, укукту күбөлөндүргөн жана укукту белгилеген документтерин жоготкон адамдардын тизмесин түзсүн.
3. (КР Президентинин 2024-жылдын 26-февралындагы ПЖ № 37 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Президентинин 2024-жылдын 26-февралындагы ПЖ № 37 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:
- жарандардын жана уюмдардын ыктыярдуу которууларынан келип түшүп жаткан каражаттарды топтоо боюнча атайын эсепти ачуу;
- курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткан жарандарга бир жолку материалдык жардам берүүнүн мүмкүндүгү тууралуу маселени карап чыгуу;
- жабыр тарткан жарандарга кийин жаңы турак үйлөрдү курууну камсыз кылуу менен убактылуу турак жай берүү, ошондой эле өзүнүн турак жайын калыбына келтирүүгө тартылган адамдарга аткарган иштерине акы төлөө;
- биринчи зарылчылыктагы азык-түлүктөрдү үзгүлтүксүз берүүнү, суу жана энергия менен жабдууну камсыз кылуу;
- талкаланган чек ара тозотторун жана пункттарын, күч түзүмдөрүнүн объекттерин жана социалдык объекттерди ыкчам калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүү;
- зыянды калыбына келтирүү жана жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн зарыл каражаттарды Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде кароо;