Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2021-жылдын 25-октябрындагы ПЖ № 481 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2021-жылдын 27-майы ПЖ № 229

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу

Башкаруу системасын оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып,

ТОКТОМ КЫЛЫНАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

— 3-пункттун он үчүнчү жана он төртүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

« — Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги;

— Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлиги;».

2. Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров