Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2021-жылдын 3-декабрындагы № 543 жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2021-жылдын 8-июля ПЖ № 292

 

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө

 

"Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана токтотуу маселелерин алдын ала карап чыгуу үчүн токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссия төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

Зулпиев Бектур Рысбаевич

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары, Комиссиянын төрагасы;

Мамасадыков Рустам Алайбекович

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары, Комиссиянын төрагасынын орун басары;

Шукурбеков Улугбек Абдималикович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жарандык боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы.

Комиссиянын мүчөлөрү:

Курманбаева Аида Маратовна

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

Мадмаров Азизбек Маматович

-

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;

Карыбеков Залкарбек Арзыбекович

-

Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары;

Эркебаев Абдыганы Эркебаевич

-

Кыргызстан калкы ассамблеясынын кеңешинин төрагасы;

Нифадьев Владимир Иванович

-

Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин ректору;

Бараканова Салтанат Нурудиновна

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин бөлүмүнүн эксперти.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 18-февралындагы № 44 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

.

 

Кыргыз Республикасынын

        Президенти

С.Н. Жапаров