Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме | |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 302 Жарлыгына) | |
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө ЖОБО
(КР Президентинин 2021-жылдын 26-августундагы ПЖ № 358 , 2021- жылдын 17- ноябрындагы № 523, 2023-жылдын 13-декабрындагы ПЖ № 342, 2026-жылдын 21-апрелиндеги № 146 , 2026-жылдын 23-майындагы № 182 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү (мындан ары - ыйгарым укуктуу өкүл) тиешелүү облустун чегинде Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан чыгуучу жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун, мамлекеттик саясатты ишке ашырууну, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоону камсыз кылуучу кызмат адамы болуп саналат.
2. Ыйгарым укуктуу өкүл мамлекеттик кызматчы болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан өз демилгеси же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын сунушу боюнча кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
3. Ыйгарым укуктуу өкүл түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына баш иет жана отчет берет.
4. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн кызмат орду саясий мамлекеттик кызмат орду болуп саналат. Ыйгарым укуктуу өкүл тиешелүү облустун башкы кызмат адамы болуп саналат.
5. Ыйгарым укуктуу өкүл тиешелүү облустун социалдык-экономикалык абалы жана ага тапшырылган иштин башка чөйрөлөрү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын алдында жеке жоопкерчилик тартат.
6. Ыйгарым укуктуу өкүл тиешелүү аймакта мамлекеттик органдардын, анын ичинде атайын статусу бар мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн макулдашылган ишин камсыз кылат.
7. Ыйгарым укуктуу өкүл өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларын, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
2. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн негизги милдеттери жана функциялары
8. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- облустун аймагында Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталуучу мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын ишке ашырууну камсыздоо;
- облустун аймагында мыйзамдарды, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларын аткаруу боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн ишин координациялоо жана контролдоо;
- облустун аймагында мыйзамдарды, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларын аткаруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана укук коргоо органдарынын ишин координациялоо.
9. Ыйгарым укуктуу өкүл өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
1) мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын ишке ашырууга, облустагы, анын ичинде райондордогу социалдык-экономикалык абалга жана коомдук-саясий кырдаалга комплекстүү мониторинг жана талдоо жүргүзөт;