Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 10-сентябрындагы ПЖ № 125 Жарлыгына) |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарына сунуш кылуунун, сыйлоонун, тапшыруунун, дубликаттарын берүүнүн, ыйгаруу жана сыйлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жокко чыгаруунун тартиби жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 22-февралындагы ПЖ № 34 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
2. Бул Жобо сыйлоо материалдарын тариздөөнүн, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына, ардак наамдарына сунуш кылуу тартибин, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын жана ардак наамдарынын төш белгилерин тапшыруунун, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына, ардак наамдарына документтердин дубликаттарын берүүнүн тартибин, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардак наамдарды ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жокко чыгаруунун жана аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартибин карайт.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого жана ардак наамдарын ыйгарууга сунуш киргизүү укугуна ээ субъекттер
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына, ардак наамдарына сунуштар ушул Жобонун 20-пунктунда көрсөтүлгөн зарыл документтерди тариздөөдөн кийин расмий бланкта Кыргыз Республикасынын Президентине төмөнкүлөр тарабынан киргизилет:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагасы, парламенттик фракциясынын лидери;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Генералдык штабынын башчысы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси;