ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2020-жылдын 28-декабрындагы ПЖ № 69 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө» жарлыгы

Редакцияот 28.12.2020
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2020-жылдын 28-декабры ПЖ № 69

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде токтом кылам:

1. Чүй облусунун райондук жана шаардык сотторуна мурда жөнөтүлгөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьяларынын ыйгарым укуктары 5 жылдык мөөнөт бүткөндүгүнө байланыштуу токтотулду жана алар ээлеген кызмат ордунан 2020-жылдын 2-декабрынан тартып бошотулду деп эсептелсин:

- Аламүдүн райондук соту:

Сагыналиев Жаныбек Нурбекович;

Сагитова Зульфия Каиргельдиевна;

- Москва райондук соту:

Абдиева Жыпар Курманбековна;

Аджибеков Нурлан Нурмамбетович;

- Жайыл райондук соту

Кувандыкова Наргиза Тураровна;

- Панфилов райондук соту

Керимкулова Айгүл Карыпкуловна;

- Токмок шаардык соту:

Абдрахманов Канатбек Казакбаевич;

Моңолбаев Жаныбек Васирович.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президентинин милдеттерин аткаруучу,

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

 

 

Т.Т. Мамытов