Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 24-августу ПЖ № 348
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин айрым маселелери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 16-мартындагы ПЖ№ 82, 2023-жылдын 22-февралындагы ПЖ № 34, 2026-жылдын 17-мартындагы № 114 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна жана 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши (мындан ары - Коопсуздук кеңеши) төмөнкү курамда түзүлсүн:
- Коопсуздук кеңешинин Төрагасы, кызмат орду боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти болуп саналат;
- (абзац Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 22-февралындагы ПЖ № 34 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- Коопсуздук кеңешинин катчысы;
- Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү.
2. Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү кызмат орду боюнча төмөнкүлөр болуп саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси;
3) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы;
4) (КР Президентинин 2022-жылдын 16-мартынадгы ПЖ № 82 жарлыгынын редакциясынын күчүн жоготту)
5) Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору;
6) коргонуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
7) тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
8) өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;