Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2021-жылдын 12-октябры ПЖ № 425

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төмөнкүдөй түзүмү аныкталсын:

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, жана жаштар саясаты министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;

– Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети.

(КР Президентинин 2021-жылдын 25-октябрындагы ПЖ № 481, 2021-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 520, 2021-жылдын 17-ноябрындагы ПЖ № 523, 2022-жылдын 26-февралындагы ПЖ № 64, 2023-жылдын 25-декабрындагы ПЖ № 354, 2025-жылдын 11-февралындагы ПЖ №42 , 2025-жылдын 17-мартындагы ПЖ № 91, 2025-жылдын 12-майындагы ПЖ № 145  Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин курамы 1-тиркемеге ылайык аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин курамы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кецешине макулдашуу учун киргизилсин.

4. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 22-февралындагы ПЖ № 34 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

5. Бул Жарлык кол коюлгап учурдан баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

          Президенти

 

С.Н. Жапаров

1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин курамы

(КР Президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 520 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

- ЖАПАРОВ Акылбек Үсөнбекович — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси;

- КОЖОШЕВ Арзыбек Орозбекович — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары;

- ААЛИЕВ Азиз Кубанычбекович - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары;

- БАЙСАЛОВ Эдиль Жолдубаевич - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары;

ТАШИЕВ Камчыбек Кыдыршаевич - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин терагасы;