КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2021-жылдын 21-октябры ПЖ № 475
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамын бекитүү жөнүндө
(КР Президентинин 2021-жылдын 3-декабрындагы № 544, КР Президентинин 2022-жылдын 25-марты ПЖ №90 жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин КУРАМЫ
(КР Президентинин 2022-жылдын 25-марты ПЖ №90 жарлыгынын редакциясына ылайык)
Жапаров Садыр Нургожоевич | - | Кыргыз Республикасынын Президенти Кеңештин төрагасы; | ||
Муканова Нуруйпа Алиевна | - | Кеңештин башкы катчысы; | ||
Кеңештин мүчөлөрү:
Маматалиев Марлен Абдрахманович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); Зулушев Курманкул Токторалиевич Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору; Боконтаев Кубанычбек Кенешович Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча); Амангельдиев Данияр Джолдошевич Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри; Бакетаев Алмаз Кушбекович Кыргыз Республикасынын финансы министри; Баетов Аяз Батыркулович Кыргыз Республикасынын юстиция министри; | ||||