Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 2-декабры ПЖ № 541
Республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө
(КР Президентинин 2022-жылдын 5-апрели ПЖ № 103, 2023-жылдын 16-ноябрындагы ПЖ № 298, 2024-жылдын 13-июнундагы ПЖ № 154 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн ички резервдерин табууга олуттуу көңүл бурулбай жатат. Республикалык бюджеттин каражаттарын пайдаланууну контролдоо механизмдеринин төмөнкү натыйжалуулугу бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдаланууга, кем чыгууларга жана уурдоолорго, күйүүчү майлоочу материалдарды сарптоо боюнча, электр жана жылуулук энергиясын керектөөгө, байланыш кызматтарына белгиленген ченемдерди аткарбоого, материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгарууга, башка финансылык тартип бузууларга алып келет.
Мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана мекемелердин ыгы жок көбөйтүлгөн аппараты, республикалык бюджеттин каражаттарын пайдаланууну контролдоонун ишенимдүү механизминин жоктугу, мамлекеттик менчик объекттерин сарамжалсыз жана пассивдүү эксплуатациялоо бюджеттик каражаттарды жана активдерди натыйжасыз сарптоого алып келет.
Кээ бир кабыл алынып жаткан мыйзам актылары жана башка ченемдик укуктук актылар мамлекеттин болгон экономикалык жана финансылык ресурстары менен бекемделген эмес, бул мамлекеттин жарандар алдындагы милдеттенмелерин аткарбоого алып келет.
Финансылык кыянаттык кылуулар жана бузуулар талаптагыдай контролдун жоктугунун, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин өздөрүнүн милдеттерин аткарууга жасаган жоопкерчиликсиз жана кайдыгер мамилелеринин, күнөөлүүлөрдүн жана кызмат адамдарынын жазасыз калышынын натыйжасы болуп саналат.
Республикалык бюджеттин чыгашаларын тартипке келтирүү жана аны реалдуу аткаруу үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) 2022-жылдын 1-мартына чейин 2022-2023-жылдарга республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча кечиктирилгис чаралардын программасын иштеп чыксын жана бекитсин, башка чаралардын ичинде төмөнкү милдеттүү иш-чараларды ишке ашырууну карасын:
- республикалык бюджеттин каражаттарын алуучу мекемелерди, уюмдарды жана ишканаларды инвентаризациялоону жана аларды өзүн-өзү актоочулукка жана өзүн-өзү каржылоого которуунун, кайра уюштуруунун, кайталануучу функцияларды жоюунун жана жетектөөчү кызматкерлердин санын кыскартуунун негизинде алардын санын оптималдаштырууну жүргүзүү;
- күтүүсү республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын жана социалдык камсыз кылууну тартипке келтирүү;
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана республикалык бюджеттин башка алуучулары тарабынан электр жана жылуулук энергиясын, байланыш кызматтарын керектөөгө, эмерек сатып алууга, оңдоого ж.б. белгиленген лимиттердин сакталышына аракеттүү контролду камсыз кылуу;
- министрликтердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын автопаркын инвентаризациялоо жана жетекчилерди тейлөөчү кызматтык автомашиналардын санын жана аларды тейлөөгө чыгымдарды кыскартуу жолу менен аларды күтүүгө жумшалуучу чыгымдарды оптималдаштыруу;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери менен демилгеленген сатып алууларды жана капиталдык оңдоону кошпогондо, министрликтердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттардын эсебинен кызматтык автотранспортту сатып алуусуна, административдик имараттарды, кызматтык жайларды капиталдык оңдоосуна тыюу салууну 2022-жылдын 1-мартынан тартып киргизүү. Бул тыюу салуу бюджеттик мекемелердин атайын эсептеринин каражаттарына жайылтылбайт;
- аткаруу бийлигинин органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери менен аныкталган иш сапарлардан тышкары бюджеттик каражаттардын эсебинен чет мамлекеттерге иш сапарларга баруусуна тыюу салуу;
- ведомстволук уюмдарда, мекемелерде жана ишканаларда финансылык тартипти сактоо, бюджеттик каражаттардын милдеттүү түрдө максаттуу пайдаланылышын камсыз кылуу, пландан тышкары чыгымдарды каржылоого жол бербөө үчүн аткаруу бийлигинин органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги;
2) 2022-жылдын 1-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйналышында финансылык тартиптин абалы, аткаруу бийлигинин органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча бюджеттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышы, коротуулар жана уурдоолор менен келтирилген зыяндын ордун толтуруу, ошондой эле аталган бузууларга жол берген кызмат адамдарынын кызмат ордуна ылайык келиши, аларды кызмат ордунан бошотуу жана материалдарды укук коргоо органдарына берүү жөнүндө маселелерди кароо;
3) (КР Президентинин 2024-жылдын 13-июнундагы ПЖ № 154 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
(КР Президентинин 2022-жылдын 5-апрели ПЖ № 103, 2023-жылдын 16-ноябрындагы ПЖ № 298, 2024-жылдын 13-июнундагы ПЖ № 154 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
КР Президентинин 2025-жылдын 14-октябрындагы № 286 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 2-декабры ПЖ № 541