Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2021-жылдын 6-декабры ПЖ № 546
Аз камсыз болгон жарандарды (үй-бүлөлөрдү) электр энергиясы үчүн акы толөөнүн өлчөмүн төмөндөтүү түрүндө колдоо чаралары жөнүндө
Социалдык маанилүү товарлардын баалары өскөн шарттарда аз камсыз болгон жарандарга (үй-бүлөлөргө) колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
16 жашка чейинки балдары бар, "үй-бүлөгө көмөк" мамлекеттик жөлөкпулун алган муктаж жарандар (үй-бүлөлөр) үчүн электр энергиясына тариф 2022-жылдын 1-январынан тартып, айына 700 кВтс чейин керектегенде, 1 кВтс үчүн 50,0 тыйын өлчөмүндө аныкталсын;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте киргизүү каралган чараларды көрсүн.
2. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2021-жылдын 6-декабры ПЖ № 546
Аз камсыз болгон жарандарды (үй-бүлөлөрдү) электр энергиясы үчүн акы толөөнүн өлчөмүн төмөндөтүү түрүндө колдоо чаралары жөнүндө
(КР Президентинин 2026-жылдын 16-апрелиндеги № 143 Жарлыгынын редакциясына ылайык)