ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2004-жылдын 3-декабрындагы ПЖ № 432 «Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыгы

Редакцияот 03.12.2004
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2004-жылдын 3-декабры ПЖ № 432

Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө

Телекөрсөтүүгө жана радиоуктурууга сиңирген эмгеги үчүн:

"Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер"

деген ардактуу наам берилсин:

Данильченко Любовь Михайловнага - "Мурас" чыгармачыл-өндүрүш бирикмесинин режиссеру;

Молдоева Гүлшан Абыкаевнага - Телекөрсөтүү студиясынын диктору;

 

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:

Казыбаева Алла Ширгебаевна - Радиоуктуруунун координациялык борборунун эфирдик продюсери;

Мурзина Надежда Николаевна - Республикалык радиотелеборбордун телекөрсөтүү цехинин начальнигинин орунбасары;

Мусакеев Орозбек Молдоевич - Балдар-жаштар программалары жана күндүзгү блок студиясынын редактору;

Турдакунова Шарапат Мамажановна - "Казына" чыгармачыл-өндүрүш бирикмесинин баяндамачысы.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Акаев