Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2004-жылдын 20-декабры ПЖ № 441
А.В.Бевзаны, Б.Э.Сартказиевди, А.А.Аблямитовду жана башкаларды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө
Республиканын энергетика тармагын өнүктүрүүгө сиңирген эмгеги үчүн
"Даңк" медалы менен сыйлансын:
Бевза Алексен Васильевич - "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун филиалынын - Ош шаарынын жылуулук электроцентралынын башкы инженери;
Сартказиев Бакырдин Эшимбетович - "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун башкы директору;
"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу" деген ардактуу наам берилсин:
Аблямитов Асан Асановичке - "Кыргыз электр тармак курулушу" акционердик коомунун Чүй механизацияланган колоннасынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:
Балкибеков Сапарбек Эсенович - "Северэлектро" ачык акционердик коомунун башкы директору;
Карачаев Орозбек Изабекович - "Северэлектро" ачык акционердик коомунун Талас филиалынын Талас РЭСинин электромонтеру.
Кыргыз Республикасынын Президенти | А. Акаев |