КР Президентинин 2025-жылдын 8-октябрындагы № 280
Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме 2 |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-январындагы ПЖ № 12 Жарлыгына) |
Диссертациялык кеңеш жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо диссертациялык кеңешти түзүү жана анын ишин уюштуруу тартибин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын илимдин доктору жана кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн диссертацияларды коргоо боюнча диссертациялык кеңештери (мындан ары - диссертациялык кеңештер) жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо системасынын негизги звеносу болуп саналат.
Диссертациялык кеңеш:
окумуштуулук даражаны изденип алуу үчүн коюлган диссертациялардын Окумуштуулук даражаларды берүү тартиби жөнүндө жободо белгиленген критерийлерге туура келерлигин аныктайт;
илимдин кандидаты, илимдин доктору окумуштуулук даражаларын берүү жөнүндө өтүнүчтү Комиссияга берет;
башка диссертациялык кеңештерде корголуп келген диссертацияларга кошумча корутунду берет;
окумуштуулук даражаларды берүүдө диссертацияны коргоого коюу жана коргоо тартибин бузуу жагындагы маселелер боюнча апелляциялардын жыйынтыктары жөнүндө корутунду берет;
окумуштуулук даражаларды берүү тартиби жөнүндө жободо белгиленген критерийлерди бузуу менен берилген окумуштуулук даражалардан ажыратуу жөнүндө арыздарды кароонун жыйынтыктары тууралуу корутундуларды берет;
корголгон диссертациялардын мазмунун кошуп, жыл сайын өз ишине талдоо жүргүзөт жана Комиссияга отчет берет;
окумуштуулук даражаны изденүүчүнүн анык эмес маалымат берүү фактысы аныкталган учурда илимдин кандидаты окумуштуулук даражасын же илимдин доктору окумуштуулук даражасын берүү жөнүндө чечимди жокко чыгарат;
окумуштуулук даражаларды берүү тартиби жөнүндө жободо белгиленген башка ыйгарым укуктарды аткарат.
3. Диссертациялык кеңештер өз ишин Комиссиянын жетекчилиги алдында жүргүзөт, Комиссия алардын ишин контролдойт жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын (мындан ары - Комиссия) президиумунун токтому менен бекитилген Илимий кызматкерлердин адистиктеринин номенклатурасына киргизилген өзгөрүүлөрдү эске алуу менен ар бир илимий адистик боюнча диссертациялык кеңештердин тармактарын кайра карап чыгат.