Загрузка документа…
КР Президентинин 2025-жылдын 8-октябрындагы № 280
Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме 3 |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-январындагы ПЖ № 12 Жарлыгына) |
Окумуштуулук наамдарды ыйгаруу тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо профессордун, доценттин жана улук илимий кызматкердин окумуштуулук наамдарын (мындан ары – окумуштуулук наамдар) ыйгаруунун тартибин, анын ичинде окумуштуулук наамдарды ыйгаруунун критерийлерин, окумуштуулук наамдарды ыйгарууга талапкер адамдарга карата коюлуучу талаптарды, окумуштуулук наамдарды ыйгарууга келип түшкөн аттестациялык делолорду кароонун тартибин, ошондой эле окумуштуулук наамдардан ажыратуу жана калыбына келтирүү негизин жана тартибин аныктайт.
2. Окумуштуулук наамдар Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия (мындан ары – Комиссия) тарабынан белгиленген тартипте аккредитациядан (аттестациядан) өткөн жогорку окуу жайларынын жана илимий мекемелердин кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын илимий жана илимий-педагогикалык кадрларынын адистиктеринин номенклатурасына ылайык илимий адистиктер боюнча ыйгарылат.
3. Профессордун жана доценттин окумуштуулук наамдары Комиссия тарабынан педагогикалык чеберчиликке ээ болгон, терең кесиптик билими жана илимий жетишкендиктери бар, жогорку окуу жайларында же квалификацияны жогорулатуу институттарында педагогикалык иш жүргүзгөн илимий-педагогикалык кызматкерлерге ушул мекемелердин окумуштуулар кеңештери берген өтүнүч каттардын жана документтердин негизинде ыйгарылат.
4. Профессордун жана улук илимий кызматкердин окумуштуулук наамдары Комиссия тарабынан илимий мекемелердин, жогорку окуу жайларынын же квалификацияны жогорулатуу институттарынын илимий бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине ушул мекемелердин окумуштуулар кеңештери берген өтүнүч каттардын жана документтердин негизинде ыйгарылат.
5. Профессордун, доценттин жана улук илимий кызматкердин окумуштуулук наамдары жогорку окуу жайларында же квалификацияны жогорулатуу институттарында, илимий уюмдарда жумушун айкалыштырып иштеген адамдарга, алар ушул Жобонун талаптарына шайкеш келген учурда ыйгарылышы мүмкүн.
6. Профессордун, доценттин жана улук илимий кызматкердин окумуштуулук наамдары илимдин доктору же кандидаты окумуштуулук даражасы же чет мамлекеттен алган, Кыргыз Республикасында таанылган, ээсине бирдей академиялык жана (же) кесиптик укуктар берилген окумуштуулук даражасы бар адамдарга ыйгарылат.
Профессордун, доценттин жана улук илимий кызматкердин улуттук аттестаттары Комиссиянын президиумунун чечиминин негизинде берилет жана Комиссиянын төрагасынын колу коюлат.
Профессордун, доценттин жана улук илимий кызматкердин улуттук аттестаттарынын, окумуштуулук наамдардын эквиваленттүүлүгү жөнүндө күбөлүктөрдүн формалары, аларга карата техникалык талаптар, тариздөө жана берүү тартиби Комиссия тарабынан бекитилет.
2. Профессордун окумуштуулук наамын ыйгаруу
7. Профессор – илимдин же искусствонун белгилүү бир тармагында адис деп эсептелген жогорку окуу жайынын окутуучусунун же илимий-изилдөө институтунун илимий кызматкеринин окумуштуулук наамы, ал ушул Жободогу талаптарды сактоо шартында ыйгарылат.
8. Профессордун окумуштуулук наамы жогорку окуу жайында профессордун, кафедра башчысынын, факультеттин деканынын, филиалдын, институттун жетекчисинин, жогорку окуу жайынын же квалификацияны жогорулатуу институтунун проректорунун, ректорунун кызмат ордунда иштеген илимдин докторлоруна, эгер алардын окумуштуулук наамды изденип алуу үчүн даярдалган аттестациялык делосунда көрсөтүлгөн илимий адистик боюнча жарыяланган окуу-методикалык жана илимий иштери болсо, лекциялардын курсун жогорку кесиптик деңгээлде окушса, ошондой эле аттестациялык документтерин берген учурда төмөнкү талаптарга жооп берсе ыйгарылышы мүмкүн:
а) диссертациясын коргогондон кийин наамга сунушталган жери боюнча аталган кызмат орундарында үч окуу жылынан кем эмес мезгил ийгиликтүү иштесе;